Сагын АКМАТБЕКОВА: Калемдин айтканы (шедевр)

АҢГЕМЕ Көптөн бери үйүндө жалгыз. Күндө жазып отуруп жешилип, түгөнүп баратам. Түгөнгөн сайын учумду чыгарып учтап коет. Жазат. Кайрадан түгөнө баштайм. Менин түгөнгөнүмдөнбү же өзүнүн түгөнгөнүнөнбү, акыры таштап салат. Сары кагаздардын үстүнө. Ак кагаздарга сейрек жазат. Алар ардакталып текчеде. Машинканын жанында. Машинканы жаңы эле сатып алды. Сары кагаздар менен мен дайыма стол үстүндөбүз. Көбүнчө туш келди ташталып, чачылып жаткан болобуз. Кээ күндөрү таптакыр эле унутулуп калабыз. Ошондо өзүмдүн өткөн күндөрүмдү эскере баштайм. Калем боло электен мурда дарак болгонум эсиме түшөт. […]

Чоор жөнүндө уламыш

Илгери-илгери тоолордун койнунда бир жигит кой кайтарып жүргөн экен. Койлорун жайып коюп, эс алып олтуруп куш ушку салат. Уйку-сонун ортосунда магдырап, тоонун жумшак жели бетин сылап жатса, кайдан-жайдан сыбызгыган жумшак үн кулагына угулат. Ал үн эмненин добушу экенин туя албай магдырап кулагын салат. Анан ордунан туруп, койчу жигит баягы добуш чыккан тарапка басат. Жай өтүп, чөп бышып, күз жакындап калган кез экен. Куурайлардын мал жегенинен калган сабактарынан башка адырдын тулаңы желге ойнойт. Бу адырда андан башка эч нерсе деле байкалбайт. […]

Бабуржон ЮСУПЖАНОВ: Менменсинген өрүк

ЖОМОК Жаздын келиши менен багбан чоң ата азырак үлүш жерине жаңы мөмө дарагын алып келди. Эки түп өрүктү  катар тигип, андан кийин гиларс, курма, бадамдын көчөттөрүн аспиеттеп отургузду. Чоң арыктан өз багына кеткен кичине арык казып апкелип, сууну бурду. Жаш көчөттөрдү карап, өз убагында сугарып, мээрим менен өстүрдү. Бир нече айлардан кийин чоң ата одүйнө аттанды. Арыктын баш жагындагы өрүк биринчи болуп суу ичет, андан кийин калганына жетсе жетет, жетпесе калат. Ошентип, күн артынан күндөр, ай артынан айлар, жыл артынан […]

Эл, бийлик, мамлекет

Эл – бул талаадагы чөп, а падыша – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат. Конфуций Элди сүйүп, эл башкаргысы келген адамдын дайыма колу-жолу бош болсун. Лао-цзы Өзүн өзү олуя санаган өлкө башчысы капталдан кеп-кеңеш айтаар акылдуу бирөө пайда болушун каалабайт. Ал курчоосунда дайыма жымжырт болуп турганда гана өз жанын жай алып жүрөт. Лао-цзы Даанышман падыша башкарган өлкөнүн элине падышанын бар-жогу билинбейт. Акылсыз падыша башкарган өлкөнүн эли падышага жуукур, кошоматчыга айланат. Акылы чолок падыша башкарган өлкөнүн эли падышасынан коркот. […]

Жомок: Улак, козу жана карышкыр

Улак менен козу экөө таштан-ташка секирип, куушуп ойно жүрүп ата-энелеринен алыстап кетип, адашып калышты. Күн бата койчу кой-эчкилерди короого айдап кетет. Тиги экөө ой-кырды аралап жүгүрүп, түн кирет. Айдын жарыгында караандардын бардыгы коркунучтуу көрүнүп, экөө бир бадалдын түбүнө жатып калышат. – Тиги дүңкүйгөн  кара нерселер апам айткан карышкыр болсо керек,– дейт улак козунун кулагына шыбырап. – Ошондой болуу керек, мага да апам түнгө калба, карышкыр жеп коёт, – деген дейт козу. – Карышкыр жегени келсе кантебиз? – дейт улак денеси […]

Атахан КОЖОГУЛОВ: Шамал, шамал биздин жердин шамалы

* * * Ырларымда буурулдай туяк кагам, Болуп агып мөпмөлтүр булак тарам. Асман-Жердей ааламды ырга салган, Жеңижоктун жүрөгү сыяктанам! Көзүм жумсам, көпкөк бир көл көрөмүн, Көпкөк көлдө балыктар өрдөгөнүн. Ак канаттуу ыр издеп бара жаткан, Алыкулдун баласы өңдөнөмүн! ӨСКӨН АЙЫЛ Сабын бузбай учуп барат куштарың, Сезимимде келет жүзүң ай-чырай. Тиктеп турам Кара-Тоонун учтарын, Төрөгелди баатыр түшө калчудай! Сол жагыңда, сайың агып шылдырап, Оң тарабың тоо этектеп суналат. Тал-терегиң бир жагымдуу ыр курап, Тамырың бүт улуу тоодон куралат. Тоо, сууларга балалык […]

Линда БУТ СВИНИ: «Шамалдын учуру»

Башталган кезде бороону: Морлордун чыгып обону. Кайчылдап каалга, терезе Карайбыз сыртты оболу. Теле-экран чырт-чурт чертилип, Үшкүрөт энем энтигип. А биздин куунак көңүлдөр Этек-жең, көйнөк желпинип! Ордунан жылып араба, Флюгер[1] – калак абада. Коңгуроо зың-зың кагылып Корголойт күчүк анада. Дарактар бийлеп термелет, Жөргөмүш желе тормолойт. Калдаңдайт учуп жалбырак, Калтырап чычкан корголойт. Күчөнсө шамал жандана, Эгинди чачып анда да… Булуттар көктө жарышып, Ойнойбуз а биз шаңдана. Парустун парда канаты, Кайыктар калкып баратыр. Деңизде дөңгөч делбектейт, Чардактар кайкып галаты[2]… Суу толкуп, оонап челектер, […]

Эс алгысы келген шамал

Шелдон ОБЕРМАН Жомок Борошо дүйнө кезип, эс алчу орун издеп жүрдү. Өмүр бою жердин чар тарабын калтырбай чапкылап жүрүп, чарчап бүтүп, карылыгы келген эле. Ал бийик калың дубалдуу  жана узун мунаралары  көккө умтулган шаарга келди. “Бул эс алганга ажайып жер турбайбы!” — деди да шаардын көчөлөрү менен зуулдап жөнөдү. Муздак манжаларын терезелердин бетинен жылбыштырып, айнектерге кооз оймо-чиймелерди түшүрүп баратты. Ал шамалдын армандуу ырын бийик жана жапыз  морулардын ичинде созолонтуп ырдады. Ал терең үшкүрүп алып, навайкана менен темир устанын дүкөнү ортосундагы […]

Олжобай ШАКИР: Тестиер

Аңгеме – А-ай тишиң сынгыр… ышкырба деп атам. Баланын бир кулагынан кирген сөз экинчи кулагынан чыгып кетти. – Ай, кулагы жок. Айтканды укпайт ко бир. Акең келсин, шашпа. Шишиң толгон экен. – Щы-щы-щи-иш-щы-щи-ссс… – Бала чоң энесинин кебин тооткон жок. – Ырыскы качат үйдөн, ышкырбасаң боло. Кандай кулагың укпайт эртеден бери. Канча айтам буга? – кемпир өзүнчө күңкүлдөп, ийигин кайра алды колуна.