Паскаль – адамзат тарыхындагы эң көрүнүктүү адамдардын бири

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Француз философу, жазуучу, математик жана физик Блез Паскаль 1623-жылы 19-июнда Франциянын Клермон-Феррон шаарында туулган. Атасы Этьен Паскаль белгилүү математик болгон. Блез үчкө чыкканда энесинен ажыраган. Ошол мезгилде Блез өзү да ооруп араң айыккан, аны көз тийгенден деп эсептешкен жана кийин да оорулуу болуп чоңойгон. 1631-жылы Блез атасы жана эки эжеси менен Парижге көчүшкөн. Атасы ошол мезгилдеги салт боюнча өз кызматын сатып, балдарын тарбиялоого өткөн. Уулуна латын тилин, математиканы үйрөткөн. Бир жолу түшкү тамак маалында кимдир бирөө фаянс тарелканы бычак менен урса жагымдуу үн чыккан. Тарелкага кашыкты койсо үн токтоп калган. Блез ага өтө таң калып, аны түшүндүрүп берүүнү сураса, чоңдордун эч кимиси түшүндүрө алган эмес. Ошондон кийин ал өзү түрдүү тажрыйбаларды жасап, алар жөнүндө билгендерин жазып чыккан. Аны “Үн жөнүндөгү трактат” деп атаган. Бул мезгилде Блез 12де гана болгон.
Блездин математикага шыктуулугу бала кезинен эле байкалган. Он экисинде ошол мезгилде тыюу салынган илим болгон сырдуу геометриянын бар экенин атасынан уккан. Бир жолу атасы “Эмне кылып атасың?” – деп сураса, «үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы, столдун эки бурчунун суммасына барабар экенин көрсөткүм келип атат» дейт да, аны ишенимдүү далилдеп берет. Ошондон кийин Блез Евклиддин “Негиздерин” окуп чыгат. Андан кийин атасынын уруксаты менен ошол мезгилдин белгилүү окумуштуусу, монах М.Мерсенндин ийримине катышат. Белгилүү математик Ж.Дезарг менен таанышат. 1639-жылы “Конустук кесилиш теориясынын тажрыйбасы” аттуу биринчи математикалык трактатын жазган. Бул трактатында конустук кесилишке (эллипс, гипербола, парабола) ичтен сызылган ар кандай алты бурчтукта карама каршы жактарын туташтыруучу үч түгөй сызыктын кесилишкен чекиттери бир түз сызыкта жатаары далилденген. Ал түз сызык Паскаль түз сызыгы, ал эми бүтүндөй теорема Паскаль теоремасы (ал проекциялык геометриянын негизги теоремаларынын бири) деп аталат. Аны Декарт окуп чыгып, авторунун 16да экенине ишенген эмес.
1640-жылы Блез беш орундуу сан менен 4 амалды аткаруучу арифметикалык машинаны ойлоп таап, андан элүүнү жасаган. 1646-жылы атасы ооруп калган. Ага катуу кайгырган Блез шал ооруга чалдыккан. Ал балдак менен араң басса да, иштөөсүн уланта берген. Бул мезгилде Паскаль жездесинин жардамы менен ар кандай тажрыйбаларды жүргүзгөн. 1653-жылы “сырткы күчтүн аракетинен пайда болгон суюктуктун бетиндеги басым суюктуктун бардык багыты боюнча бирдей берилет” деген азыр баарыга белгилүү гидростатиканын негизги законун ачкан. Бул кийин Паскаль закону деп аталган. Гидравликалык ныктооч (пресс) ж.б. гидростатикалык машиналардын иштеши Паскаль законуна негизделген.
1654-жылы “Арифметикалык үч бурчтук жөнүндөгү трактатын” жарыялаган. Бул эмгегинде математикалык индукция методун биринчи жолу аныктаган, аны математикалык далилдөөлөргө колдонгон. Ар кандай бүтүн сандын башка бир бүтүн санга бөлүнүшүнүн жалпы алгоритмин жана биномдук коэффициенттерди эсептөө жолун тапкан, ыктымалдыктын элементардык теориясынын негизги маселелерин аныктаган. Кийинчерээк ден соолугу акырындык менен оңоло баштаган.
Паскаль – адамзат тарыхындагы эң көрүнүктүү адамдардын бири. Ал өтө ар тараптуу адам болгон. Табият таануунун тарыхына ал залкар физик жана математик, математикалык анализди, проекциялык геометрияны, ыктымалдыктар теориясын, эсептөө техникасын, гидростатиканы негиздөөчүлөрдүн бири катары кирген. Ал арабаны ойлоп тапкан, аны И.С.Тургенев эң жөнөкөй машина деп атаган. Паскалга омнибус идеясы – белгилүү маршрут боюнча жүрүүчү шаардык транспорттун эң алгачкы түрү таандык.
1654-жылы ноябрда ал арабада кетип баратып, кокустуктан аварияга учурайт. Бул окуядан кийин ал аман калганын кудайдын буйругу деп эсептеп, илимий иштерин токтотуп, сегиз жыл бою монастрда сыйынып, диний жана философиялык ой жүгүртүүлөргө өткөн. Ошентсе да 1658-жылы Паскалдын тиши ооруп, түнү менен уктабай чыгат. Ошол мезгилде Мерсенндин циклоида жөнүндөгү али чечилбеген маселеси эсине түшөт. Эртең мененкиге чейин циклоида жөнүндө көптөгөн далилдөөлөрдүн жыйынтыгын алат (тиши да айыгат). Физикада басымдын бирдиги (Па) анын атынан аталган. 1959-жылдан баштап ал илимий иштерин биротоло токтотот.
1655-жылдары ал француз адабиятынын көрүнүктүү чыгармасынын бири болуп калган “Элеттиктин каттары” аттуу чыгармасын жазган (бардыгы 18 кат). Чыгарманы бүтүндөй Франция окуган. Анын идеясына иезуиттер чыдай алган эмес. 1660-жылы Мамлекеттик совет ал китепти өрттөөгө токтом чыгарган. Ушул мезгилдеги ой жүгүртүүлөрүн француз математиги Жак Адамар “бардык логика боюнча Паскаль революция жасоого кичинекей эле кадам калган. Эгер Паскаль аны жасаса ал болорунан үч кылым эрте болмок” деген. Философиянын тарыхында Паскаль механисттик рационализмден өткөн алгачкы ойчул катары каралат. Ал рационализм менен скептицизмдин ортосундагы философиялык көз карашта болгон. Диний философиясы француз классикалык прозасын калыптандырууга бир топ таасир тийгизген жазуучу катары да белгилүү болгон. ”Анын калеминен жаралган ар бир сап асыл ой катары окулат” деп жазган экен Жозеф Бертран.
1805-жылы Стендаль “Паскалды окуганда мен өзүмдү окугандай болом” деп жазган. Паскалдын талантына Л.Н.Толстой, И.С.Тургенев, Н.А.Некрасов ж.б. да тен беришкен. 1660-жылы ал “Ойлор” (“Мысли”) деген эмгегин жаза баштаган. Бирок аны бүтпөй калган. Ошентсе да бул китеп абдан популярдуулукка ээ болгон. Л.Л.Толстой аны “жүрөгүнүн каны менен жазган” деп эсептеген. Паскаль бул эмгегинде жашоонун маңызын, адамзаттын жаралыш сырын чечмелөөгө аракеттенген. Ал бирде “Мени бул дүйнөгө ким жибергенин билбейм, дүйнө деген эмне, деги өзүм ким экенимди да билбейм… Мен кайдан келгенимди билбегенимдей эле, кайда барарымды да билбейм”, — деп таң калса, бирде “адам, менимче, ой жүгүртүү үчүн жаралса керек, анын артыкчылыгы мына ушунда”, — деп тереңдеткен. 1660-жылы Ферма аны Тулузу шаарына чакырган. Ага Паскаль жооп кат жиберген.
Анын айрым саптарын чогуу окуп көрөлү: “Мен азыр геометриядан кыйла алыс нерсе менен иш жүргүзүүдөмүн, геометрияны өтө кыйынчылык менен эстеймин… Мен математиканы акылдын көнүгүүсү деп эсептейм, ошол эле учурда анын эч бир пайдасыз экенин билем… ал болгону өнөр гана…мен азыр абдан алсыз болгондуктан, таяксыз баса албайм, атчан да жүрө албайм”. “Катты мен узунураак жазып койдум, анткени аны кыска жазышка менде убакыт жок эле”, — деген сөздү да Паскаль айткан экен. 1660-жылы декабрда Гюйгенс Паскалга эки жолу келет. Бирок ал Паскалдын дайындуу сүйлөшүүгө да жарай албаган өтө картаң чал болуп калганына ишенген (Паскаль ошол мезгилде 37 гана жашта болгон). Паскаль 1662-жылы 19-августта Парижде каза болуп, Сент-Этьен-дю-Мон чиркөөсүнө коюлган.
Ысмайыл КАДЫРОВ

НЬЮТОН

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Исаак Ньютон 1643-жылы 4-январда Англияда Вульстроп кыштагында төрөлгөн. Атасынын аты да Исаак Ньютон болгон. Ньютон илмийген оорулуу бала эле. Бирок ал көп жашап, өмүр бою бир жерим ооруду деп даттанган эмес экен. Карыганда да тиштери бүтүн болуп, көз айнексиз китеп окуган. Энеси Анна уулу чоңоюп калганда поп Варнова Смитке турмушка чыккан. Ушунун өзү Ньютондун андан ары окуусун өксүтпөй улантышына көмөкчү болгон.

Ньютонду 12 жашында Грант шаарчасындагы шаардык мектепке беришкен. Ал бул жерде шаардык дарыканачы Кларктын батирине жайгашат. Ньютон мектепте окуп жүргөн жылдары өтө эле уяң болгон, уу-чууну сүйгөн эмес. Мектепте өтүлүүчү негизги сабактар диний китеп, библия тарыхы, христиан дини жөнүндө жазылган тексттерди талкуулоо болгон. Бул сабактардан башка Ньютон латын, грек, байыркы еврей тилдерин да үйрөнгөн. Мектеп ага математика боюнча жетишээрлик билим бере алган эмес. Мектепте ал абдан жалкоо жана класстагы эң артта калган окуучулардын бири болгон. Бир күнү албеттүү бир бала Ньютонду ичке муштап жиберет. Ньютондун ага кайдан алы жетсин. Таяк жеп калганына абдан арданат. Күчүм жетпесе, сабактан да жаман окусам деп ичинен ызаланып, ал баланы окуумду жакшы окуу менен жеңем деп чечет. Көп узабай эле мектептеги эң алдыңкы окуучулардын катарына кошулат., Бирок мектепте Ньютондун математикага жана физикага болгон жөндөмү байкалган эмес.

Ньютон өзүнүн бош убактысын механикалык оюнчуктарды жасоого жумшаган. Ал чычкандар кыймылга келтире турган тегирменди ойлоп тапкан. Бараны чычкандар айлантыш үчүн баранын алдына баштыкка салынган жем илген. Ал суунун жана күндүн кубаты менен иштөөчү сааттарды да жасаган. Батперек жасап, ага фонариктерди тагып, аны түн ичинде учурган. Булар кийинки илимий иши үчүн практика болгон. Сүрөт тартып, ыр да жазып көргөн.

Ньютондун энеси 1656-жылы күйөөсү менен ажырашып, Вульсторпко үч баласы менен көчүп келет да, 15 жашар уулун өзүнө жардамчы кылып алат. Уулун чарбачылыкка үйрөтүү максатында ар ишемби сайын кызматкери менен базарга жиберип турат. Бирок Ньютондун соодага таптакыр шыгы жок болгон. Кызматкерди базарга жиберип, өзү энесине көрүнбөй тамдын үстүнө чыгып алып китеп окуп же кыялданып отура берүүчү. Бир жолу ал кызматкер Ньютондун бактын арасына отуруп алып кандайдыр бир математикалык эсепти зор кызыгуу менен чыгарып жатканын байкап калат. Буга аябай таң калган кызматкер, баласынын окуусун улантышына тоскоол болбошун айтып, Ньютондун энесин эптеп жатып көндүрөт.

Ошентип энеси макул болгондон кийин 1661-жылы Кембридж шаарындагы университетке өтөт. Ал бул жерде студенттен профессорго чейинки жолду басып өткөн. Ушул жерде улуу илимий ачылыш болгон “Натуралдык философиянын математикалык башталышы” деген эмгегин жазды, бардык улуу ачылыштарын жасады.

Ньютон алгачкы илимий даражага ээ болгон 1665-жылы Кембриджде чума тарап, Ньютон Вульстропко келет. Кийинчерээк Ньютондун кагаздарынын ичинен мындай жазуу табылган: “Ошол жылы мен Айдын орбитасына чейин камтыган бүткүл дүйнөлүк тартылуу жөнүндө ойлой баштадым… Ушунун баары чума менен ооруган 1665-66-жылдары болду, мен ошол убакта математика жана философия жөнүндө кийинкиге караганда көп ойлончумун”.

Ньютон чумадан айыгып, кайра Кембриджге келгенден кийин математика, механика, оптика боюнча өтө катуу иштеген. 1668-жылы телескоп-рефлектор жасап, аны менен Юпитер жана Чолпон планеталарын байкаган. Ошол эле жылдары бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун, механиканын закондорун, интегралдык жана дифференциалдык эсептөөлөрдү жана башка илимий жаңылыктарды ачкан, асман механикасын негиздеген. “Оптика”, “Тегеректин квадратурасы жөнүндө талкуу”, “Негиздер” ж.б. залкар эмгектерин жазган. Күчтүн бирдиги (Н) анын ысымы менен аталган. 1699-жылы Париж ИА мүчөсү, 1672-жылы Лондон королдук коомунун мүчөсү, 1703-жылы ошол коомдун президенти болуп шайланган.

И.Ньютон өтө жөнөкөй, мээрман адам болгон. Студенттердин окуусуна жардамдашып, аларга акча да берип турчу экен.

И.Ньютон 1727-жылы 31-мартта Кенсингтондо каза болгон. Ал өзүнүн илимдеги орду жөнүндө “мен өзүмдү деңиз жээгинде ойноп отурган балага окшоштурам…” деген экен.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Балдарга «баш катырма»

Амал менен окусаң, жыл мезгилин табасың
Кардан тонду жамынып,
Ызгаар жортуп жорголойт.
Шыргалаң суу чорголойт.

Жадырап тийип күн нуру,
Ала шалбырт кез келет.
Заматта бүрдөйт тал-терек.

Жалбырттаган жалынсыз,
Аптабы кактайт өрттөбөй.
Йемен деген өлкөдөй.

Кырманга кызыл дан толуп,
Үйүлөт саман-топону.
Зор береке ошобу?

Айдаганда дейт экен
Мышыкты – мыш,
Итти – чык,
Карганы – кыш,
Төөнү – оч,
Уйду – өш,
Эчкини – чек,
Эшекти – хы,
Жылкыны – чу,
Койду – кош,
Тоокту – ток.

Сөздүк ыр
Байыркы мезгил – алмустак,
Бал татыган – балмуздак.
Семичкенин кабыгы – бөчөк.
Сайманын бир аты – көчөт.
Куштун тырмагы – текөөр,
Конокко эт тарткыч – бөкөөл.
Өтүктүн такасы – өкчө,
Тоо этеги – бөксө.
Кымыз ачыткан идиш – сабаа,
Манжалардын арасы – салаа.
Ууртунан жылмаюу – мыйык,
Тил албас кежир – кыйык.
Шаардын бир аты – калаа,
Жалган доомат – жалаа.
Электин алкагы – карскан,
Балканын чоңу – барскан.
Эни кыска – тайкы,
Ээрдей белес – кайкы.
Кумар кануу – моокум,
Таң шооласы – шоокум.

Баш тамгасын өзүң тап
Суюк болсо …уу
Ысытса …уу
Чурулдаса …уу
Кол чабылса …уу
Учса …уу
Көтөрсө …уу
(суу, буу, чуу, дуу, куу, туу)

Айтып берем жөө жомок
Баш тамгасын койсоңор,
Айры өркөчтүү …өө болот.
Тазалабай меш жакса,
Кернейине …өө толот.
Карышкыр түспөл кичине,
Анын аты …өө болот.
Атчан киши эгерде,
Аттан түшсө …өө болот.
Баарын туура тапсаңар,
Айтып берем жөө жомок.
(төө, көө, чөө, жөө)

Ысмайыл КАДЫРОВ

Жомок: Улан менен Санташ

Илгери өткөн заманда аскасы асман тиреген тоо арасындагы бир кичинекей айылда ай десе аркы, күн десе көркү жок Канышай аттуу сулуу кыз жашаган экен. Ал сулуу гана эмес акылы тунук, ата-энесине жароокер, жан-жаныбарларга боорукер жан болуптур. Көргөн адамдын көз жоосун алып Канышай солкулдап бойго жеткенде ага Жети-Өгүздүн сыртындагы Санташ менен Боом капчыгайынын этегинде жашаган Улан аттуу эки жигит ашык болуп калат. Алар Канышайга жагуунун аракетин кыла башташат. Жаа тартышса да, балбан күрөшкө түшүшсө да, эңишсе да алар эч кимден жеңилбейт.

Жигиттердин эр жүрөктүүлүгү, кайраттуулугу, баатырдыгы, жалтанбастыгы, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүп турган элпектиги, жан-жаныбар түгүл чөп-чарга да зыян келтирбеген боорукердиги, чынчылдыгы, адилеттиги, калыстыгы, айтор бардык касиеттери Канышайга жагат. Бирок кимисин тандаарын билбей башы катат.

Ошондо Канышайдын башына бир кызыктуу оюн келет. Ал устага кооз такта жасатып, эки жагына тогуздан уя, ортосуна эки чара ойдуруп, жигиттердин ар бирине сексен бирден коргоол берет. Бул оюнду “Тогуз коргоол” деп атайт. Өтө акылдуулук менен өзү чыгарган эрежени эки жигитке түшүндүрөт. Бул оюнда кимиси жеңсе, ошонусуна түбөлүк жар болууга убадасын берет. Эки бозой такта бетинде нечен күн, нечен түн таймашат.

Ошол мезгилде Канышайдын сулуулугун, акылдуулугун, аны алмакка эки бозойдун таймашып жатканын уккан хан кызга жуучу жиберет. Кыз хандын жуучусуна макул болбойт. Бирок хан кызды күч менен алмак болот. Ханды каалабаган кыз аскадан боюн таштайт. Ал кулап түшкөн жерден оргуштап күмүштөй булак атырылып чыгат.

Тогуз коргоол ойноп, бирин-бири жеңе албаган жигиттер аскага чыга качышат. Бирок тагдырдын күтүлбөгөн бул тамашасына чыдабай алар да өз бойлорун көлгө ташташат. Алар суунун бетине тиери менен эле шамалга айланышат. Күйүткө чыдабай ызылдап боздошот.

Ошондон ушул күнгө чейин Улан менен Санташ шамалдары бири башталса экинчиси коштоп, капаланып Канышайды жоктоп, уңулдап улуп, Ысык-Көлдү мекендеп калган экен.
Ысмайыл КАДЫРОВ

Ысмайыл КАДЫРОВ: Аялдар эмне деп атты экен?

АҢГЕМЕ

— Сени начальник болот экен деп атышат! – деди бир күнү аялым.
— Ким айтты?
— Аялдар айтып атышат.
— Өзүм билбегенди алар каяктан билиптир. Сенин аялдарыңдын көздөрү ачылып бараткан го!? – дедим тамашалай. Ал сөзгө анча деле маани берген жокмун.
Аялдардын айтканы келдиби, айтор ким билсин, арадан көп өтпөй эле бакыйган начальник болуп калсам болобу. Ай айга, жыл жылга тогошту.
— Деги ишиңден сагыраак болчу. Сени камалат экен деп атышат аялдар, — деди бир күнү аялым.
— Аялдарың оозуна келгенин оттой беришет!? – дедим жиним келип. Ошо менен ал сөзгө чекит койдум. Анткен менен жүрөгүм түпөйүл болуп калды.
Арадан көп өткөн жок. Айткандай эле капысынан келген кишилер прокурордун санкциясын көрсөтүштү да, алып барып камап салышты. Ошондо гана аялым айткан «аялдар айтып атышат» деген сөздөр эсиме келип, өзүм айдап жүргөн машинеге инимди шоопур, келинимди үй тазалагыч, чоң атамды кароолчу, атамды кеңешчи, балдызымды кассир деп жазып акча алып жүргөнүм, мекеменин устаканасын эчак эле менчиктештирип алганым, андагы светтин, суунун, телефондун акчасын мекеменин эсебинен төлөп жүргөнүм, мекеменин автобусун авария болду деп кайындарыма ижарага берип койгонум, деги койчу ушул сыяктуу мыйзамсыз иштеримдин бардыгы көз алдыма тартылды.
Элдин энчисине беш колумду матырып ийгенимди баамдадым. Буларды эч ким деле билчү эмес эле, кайсы кара оозуңа кан толгур айтты экен? Ким айтканын табалбай шектенгенимдин бардыгын көз алдыма элестетип чыктым.
Чын эле ким айтты болду экен ыя? Муну бир айтса жана жылмаңдаган түгөт бухгалтер келин айтты го!? Бир тобун ошол билчү эле. Жок, жок ал айтпайт. Анткени айтса өзү кошо торго түшөрүн эң мыкты билет. Анда ким айтты? Чоңдордун чет өлкөдөн, байлардын банкеттен баштары бошобой жүрсө алардын мени ойлогонго чамалары да жетпес. Муну бир айтса эле кара тамандардан айтты го!?
Баягы жылдары «Маленков берген байталды, Хрущев келип кайта алды» деп ырдап ийип, айылдык эле абышканын соттолуп кеткенин уктум эле. Дегеле ушул айылдыктар учурма сөздөргө да уста келишет ой. Гезит барбаса, радиосу сүйлөбөсө, телевизору көрсөтпөсө деле ааламдагы жаңылыктарды айтып, чогуу жатып-туруп жүргөнсүп чоңдор жөнүндө саймедиреп айтып отурушса академиктин оозу ачылып, артта калганын ошондо гана туят.
Айтмакчы, ушул биздин айылдагы өөдүк-сөөдүк сүйлөп, оозуна алы жетпеген апенди чалыш Азыкбай акемди илгери эле «тоголок арызчы» деп коюшчу эле, ошонун кемпири айтып жүрбөсүн. Бирок Азыкбай акемдин аракка саткандан калган малын ууру алып, айдаган жерин сел жалмап, ал түгүл көптөн бери кары чарбасы тийбей, андай сөздү айтмак түгүл арыктыгынан аркайып, буту-колу тартайып, кабыргалары каркайып, доктурга көрүнөйүн десе төлөгөнгө тыйыны жок, балдарын окутайын десе мектепке кийип барганга батинкеси жок кара жанын бага албай араң басып калыптыр деп уккам.
Менин ишимди териштирмек түгүл Азыкбай акемди бага албай айласы кетип турганда, ага андай сөздү айтканды ким коюптур. Бир тоголок арызды шилтеп ийсе токсон жерден текшерүүчү жетип баруучу баягы мезгил эмес да азыр. Баса, эрди эрдине тийбей шакылдап, таңдайы такылдап эки үйдү эриктирбеген, бир үйдү бириктирбеген Эркингүл жеңем айтып жүрбөсүн. Жок, жок ал кайдан айтсын байкушум. Андай сөздү айтмак түгүл «Чемичке чегиңиз, тамеки тартыңыз, сагыз чайнаңыз» деген сөздөн башканы унутуп, соодасы жүрбөй Ош базарында отурса.
Башкаларына келсек, Батма бахаист болуп башка динде жүрсө, Касымбайдын катыны коммерсант болом деп Кытайга кеткенине туура эки жыл болсо, Касымбайдын өзү колунда калган алты баласы менен кайненесин бага албай күйүтүнөн арактын артынан түшүп көрүнгөн жерде жүрсө, айласы кеткен улуу кызы бөбөктөрүн багыш үчүн түнкү көпөлөккө айланса, нормалдуу деген Норузбай илгери алты ай бригат болгон атасы жөнүндө монография жазып, анын атын айлына койдургандын аракетинде чуркап жүрсө, менин ичип-жегенимди териштиргенге чололору тиймек беле.
Үмүттөн болсо үмтөтпөй деле койсо болот, сак неме эртеңкисин ойлоп атып, энесине да сырын айтпайт. Айтты айтпады дээрсиңер, ушуну бир айтса эле Сандыбайдын аялы айтты го. Болду болбоду ошол эле айтты. Керооздонуп алып дегеле кеп-сөзгө да чукул неме. Саймедиреп саясаттан кеп салса оозуңду ачырат тимеле. Дымагын айтпайсыңбы «Акматбеков Азамат, Ак калпак кийип жасанат, Эмнесине деңкейет, Мингени жаман кашаң ат» деп ошол эле айылдык тыңыраак жашаган Азаматты да жактырбай, өзүнүн курсагы тойбой жүрсө да, көөдөнү көктө. Кошо жатып, кошо туруп жүргөнсүп, чоңдордун илик-жилигинин кайсыл жерлик экенин, канча катыны бар экенине чейин чемичкедей гана чагып берет ко чиркин. Бир айтса ошол эле айтты!?
Мына ушуларды оюм менен талдоодон өткөрүп, санаам санга, оюм онго бөлүнүп отурганда, аялымдын «жолугушууга» келгенин билдиришти. Аны көрөр замат эле учурашканды да унутуп:
— Мен жөнүндө аялдар эмне деп атышат? – дептирмин.