Назгүл ОСМОНОВА: Сен берген гүлдөр тирилбейт…

* * * Дилдеги сөздү айталбай, Карадың неге тайсалдай? Өткөнүн жылдар карачы, Ирмемдей болуп байкалбай. Эстетип эбак өткөндү, Жылдарга терең чөккөндү Эңсетип кайра башынан, Жадымдан чыкпас көктөмдү. Алдымдан чыксаң жаркырап, Аптыгып, жүрөк тартынат. Сезимдер толкун — ал сенин, Жээгиңе карай тартылат… Ак карда аппак махабат Ырларда баары айтылган, Ырларга сүйүү катылган. Эстетип таттуу күндөрдү Чакырбай жүрчү артымдан. Сен сүйдүң сүрдөп тартынып, Мен сүйдүм сага тартылып. Келгеним сага билдиңби, Кылымдын жүгүн артынып. Сен сүйгөн ошол деңизмин, Ар качан толук, тегизмин. Жаралып […]

Шайлообек Дүйшеевдин эне-бала бактысы…  

* * * Эшиктеги бурганакка туш болуп, Эптеп жетип, томолонуп, муз болуп. Энекемдин от калаган колуна, Эрип, көлкүп кетер элем кут болуп. Үйдөгү отту энем күндө тамызчу, Үшүгөн суук сопсоо болуп айыкчу. Көсөө тийген көлөкөлөр тарбаңдап, Көңдөн чыгып, дубалдарга жабышчу. Ээн талаанын кыш кайтарып үмүтүн, Эски тамды биз кайтарып күнү-түн. Эртели-кеч эрмек кылып жүрчү элек, Эне-бала бактыбызды бир үзүм. Туура жолдун асты туташ сай эле, Туш-тушубуз тунуп турган кар эле. Тутка кылар атам, агам жок, бирок, Тутка кылар Манасыбыз бар […]

Пабло НЕРУДА: «Караңгыдагы монолог»

П.Неруда 1904-жылы Чилинин Парраль шаарчасында туулган. Акын, дипломат жана саясый ишмер болгон. «Элдердин ортосунда  тынчтыкты чыңдоо» боюнча  Сталиндик  сыйлыктын  (1953),  адабият боюнча Нобель сыйлыгынын (1971) лауреаты. Экөөбүздөн башка эч ким жок деп койчу. Мен эми болбогон бир суроолорду бере берем, анан биз адамдарча сүйлөшөбүз. Сени менен жолдо өтүп бараткан жолоочу жан, кечээ гана көз жарган ымыркай, сени менен, каза тапкан пенделер, сени менен, жана да төрөлө элек бөбөктөр менен дагы эч бир жанга угузбай сөздөрүмдү – сүйлөшкүм келет менин.

Нуралы КАПАРОВ: «Адашкандар жөнүндө ода»

«Чын. Билем. Өмүр кымбат… От жагып жылуу үйдө жашайын дейм чиркин-ай, көмүр кымбат» деди да Абитайым жатып албай төштөгү сарайдагы тезек чапкан чабандарга кезек берип, алардан арткандарын түк калтырбай келди да тезек терип, тепкедей жерди болжоп арадагы тоодой тезек түшүрдү түтүн чыкпай томсоргон төрт бөлмөлүү үйүнө калаадагы.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Тулпар тушунда»

ПОЭЗИЯ Артымдагы милдеттерим такымдап, Алдымдагы асыл максат закымдап, Баскан жолдон башка тарап көрүнбөй, Барчусуна баратамын жакындап. Кээде карап Күн төбөдөн тийгенин, Кээде байкап түндө чырак күйгөнүн, Айтор, эптеп аман чуркап келатам Арасында айланкөчөк дүйнөнүн.