Сейит ЖЕТИМИШЕВ: Ажалдын да, мезгилдин да алы жетпеген нерсе – чыгарма

Айтылуу эки томдон турган “Эл арасында” романынын автору, белгилүү жазуучу Сейит Жетимишев агай менен төмөнкүчө маек курганбыз. — Сиз Кудайга ишенесизби? — Кудайды бар деп да, жок деп да эч ким айталбайт. Бирок мен өзүмчө ишенем. — Жашоодогу негизги позицияңыз кандай? — Табиятта кыпындай да калп жок, табият кызылдай чындык. Колумдан келишинче ошол табияттай жашайм. Демек, алымдын келишинче табияттагы чындыктай аракет кылам. Жашоодо Ажал деген бар. Жашоодо Мезгил деген бар. Экөө тең ушунчалык ташбоор. Ажал бир күнү эчтекеге карабай, алып […]

Беларус жомогу: Эки аяз

Талаада Көк мурун, Кызыл мурун деген эки аяз бир тууган сейилдеп жүрүштү. Ал экөө ойноп-күлүп да, бири-бирин мактай берип да тажашты. Ал эми түн болсо узун, а дүйнө кенен, аяздар болсо эркин. Айлана тынч, дүйнөдө эки аяздан башка эч ким калбагандай. Зериккен аяздар талаадан токойго келишип, бактан-бакка секиришти, коёндорду коркутушту. Токойдон кыштакка келип, терезелерге сайма сайышты, үйлөрдүн жыртыктарынан үйлөштү, чатырларда оюн салып, көчөлөргө муз тоңдурушту. — Эхе, карачы бизден баары коркушат! — деп улуй кыйкырды Көк мурун аяз. — Чыгып […]

Антон ЧЕХОВ: Энөө

АҢГЕМЕ Жакында мен кабинетиме балдарымды багуучу Юлия Васильевнаны чакырдым. Эсептешүүм керек болчу. – Отуруңуз, Юлия Васильевна! – дедим мен ага. – Келиңиз, эсептешели. Сизге акча керектир, ал эми сиз сурап да койбойсуз… – Ии-и… Айына отуз сомдон деп сүйлөштүк беле… – Кырктан… – Жок, отуздан… Менде жазылуу… Дайыма үй кызматчыларына отуз сомдон төлөчүмүн… Демек, эки ай өттү… – Эки ай, беш күн… – Туптуура эки ай… Менде ушинтип жазылган. Демек, алтымыш сом… Тогуз жекшембини алып салалы… Себеби сиз жекшембиде Коляны […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Муштум

ЖОМОК Күндөрдүн биринде эне Бармак төрт баласына: Сөөмөй, Ортон, Атыжок жана Чыпалакка кеңеш салды. — Балдарым, бак тикпейлиби? – деди балдарына суроолуу карап. — Макул, энеке, тээтигил жерге тигели, — деп Сөөмөй ээн жаткан талааны көрсөттү. — Опий, ал жердин баарын кантип айдайбыз, белибиз ооруйт ко, — деп Ортон моюн толгоду. — Кантип айдамак элек, чанайбыз деле бак тигип коебуз, — деди Атыжок Ортонду анча жактыра бербей. — Айдаса айдайлы, — деп Чыпалак чебеленип жиберди. Балдарын байкап турган Бармак мындай […]

Илимий конференция өтөт: «Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду»

«Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2017-жылдын 12-майында Бишкек шаарында педагогика илимдеринин доктору, профессор, Орусиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана «Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамынын, К.Д.Ушинский медалынын ээси, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыгынын, Улуттук Жазуучулар бирлигинин Тоголок Молдо атындагы сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу, публицист-журналист, методист, этнопедагог Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесине карата «Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду» деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык […]

Махмуд КАШГАРИ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕ ЭЛЕГИҢ КӨП Толук аты-жөнү Махмуд ибн ал-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари. Окумуштуулар анын “Түрк тилдеринин сөздүгү” аттуу эмгегине жана Караханийлер мамлекетине тиешелүү маалыматтарга таянып, 1029-жылы Ысык-Көл кылаасындагы байыркы Барскан шаарында (азыркы Барскан кыштагы жайгашкан жер) туулган деп эсептешет. Анын балалык чагы Ысык-Көл боюнда өткөн. X кылымдын 90-жылдарында Чыгыш-Түркстан жана Жети-Суу аймагында Караханийлер мамлекети түзүлүп, анын 1-ханы Абдулкерим Мухаммед Сатук Каракан болгон. Махмуд мына ушул Караханийлердин тукумунан чыккан. Атасы Барскан шаарынын эмири болгон. Көптөгөн окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча Махмуддун атасы мураскор […]

Шахан Ахмед

Йашар КЕМАЛ АҢГЕМЕ Йашар КЕМАЛ – былтыркы жылы дүйнөдөн көзү өтүп кеткен түрк элинин белгилүү жазуучусу. Й.Кемалдын «Шахан Ахмед» аттуу өжөр каарманы туурасындагы керемет аңгемесин «Коом жана Мен» сайтынын туруктуу окурмандарынын бири, Турциянын Анкара шаарында жашаган мекендешибиз Инаят Азим аттуу мекендешибиз жөнөткөн экен… Ал өзөндөн чыгып бүкүрөйө илкий басып келатканда, аялы жана эки кызы аны те алыстан эле көрүшкөн. Алар кубана астынан утурлай чуркашты. Кыздары атасынын бутун кучакташты, атасы болсо шаттана эки кызын колуна шап көтөрүп ала койду. Аялынын көзүндө […]

Конфуций кыргыз тилинде жарык көрдү!

Түркөйлөрдү түйшөлткөн эмгек… Аталган китепти орусчадан кыргызчага оодарган белгилүү журналист, “Баягы Асаба” гезитинин ээси жана башредактору Эрнис АСЕК уулу. Биринчи жолу кыргыз тилине жарык көргөн китепти “Тарых жана маданият” жылына карата КР Президентинин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду (миң нуска менен) чыгарып берди. Кун Фу Зы (Конфуций) китебинин бетачаар аземи КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында болуп өттү. Ага профессор, философ, тарыхчылар катышып, котормого жогору баа беришти. “Конфуцийди биз буга чейин орус тилинде окуп келсек, эми кыргыз тилинде окуйбуз. Кыргыз […]

Бактыгүл Сейитбекова: Ар бир мигранттын карегинде Ата-Журт…

«Мекендеш» рубрикабыздын бүгүнкү мейманы Россиянын Москва калаасында эмгектенген мингранттарыбыздын бири, акын эжекебиз Бактыгүл Сейитбекова болду. – Бактыгүл эже, арыбаңыз… Канча жылдардан бери тышкы миграциянын көйүн өз жонтериңиз менен сезип-туюп келаткан чыгармачыл адамсыз. Андыктан артта калган азаптар менен бүгүнкү жетишкендиктериңиз туурасында сөз курар учур келди го дейм. Же дале жан үрөгөн тирилик менен алышып жүрөсүзбү? Дегеле ушул тапта эмне менен алексиз, жанга жай турмушка жеттиңизби? – Саламатчылык. Албетте, азыр бир топ жетишкендиктер бар. Келген жылдар менен азыркы учурдун айрымасы абдан эле […]