Шайырбек Эркин: Кара байрак

АҢГЕМЕ Зеби туш тарапка алоолонто от жагып,  оттон отко секирип жүргөн кара кийимчендердин арасынан уулу Алини жазбай тааныды. Капкара кийинип, бети-башынан бери кара матага чулгап алгандардын көздөрү гана жылтырайт. Жакшылык менен мээрдин кыпындай жышааны жок, заар чачкан көздөр. Ушул тегеректи эле эмес, керек болсо бүтүндөй дүйнөнү ушинтип отко ороп, өрттөп ийгиси келген көздөр. Эне от менен ойноп жаткан адам сымалдардан уулун бөлүп алгысы келди. Уулун баёо бала кезиндегидей кучагына кыса эркелеткиси, коюу кара чачтарынан сылагысы келди. Анан ошол алоолоно күйүп […]

Валентина Осеева: «Эмне үчүн?» (конкурска №19)

АҢГЕМЕ Ашканада экөөбүз эле болчубуз — мен жана Бум. Мен үстөлдүн астында салаңдаган  буттарымды ары-бери ала качып, а Бум менин жылаңаяк сороңдогон согончогуму кубалап, акырын тиштегилеп ойноп кирди. Ал жетип тиштеген сайын кытыгым келип, каткырып аттым. Үстөлдүн үстү жагында атамдын жакында эле апам экөөбүз чоңойттуруп келген чоң сүрөтү илинип турган. Атам ал сүрөтүндө көңүлү ачык, жадырап-жайнап сонун түшүптүр. Бирок Бум экөөбүз ойноп, мен олтургучка олтуруп алып, үстөлдүн четин кармап ары-бери чайпала баштаганымда атам эмнегедир мага карап башын чайкагандай сезилди… — […]

Ба ЖИН: Менин жүрөгүм

Автор тууралуу  Кытай адабиятынын корифейрлеринин бири, кылым карыта жашап (1904-2005), элине нар көтөргүс адабий мурас калтырган Ба Жиндин 26 томдон турган прозалык чыгармалары: роман, повесть, аңгеме, новеллаларынын ичинде эссе жанрына да татыктуу орун берилген. Тилекке каршы, өз коомундагы саясый жана социалдык маселелерди курч чагылдырган анын эсселеринин котормосу өтө сейрек. Жазуучу мекенчил сезимге сугарылган эсселеринде жеке адам тагдырын ХХ кылымда оор жана татаал окуяларды баштан кечирген улуу Кытай мамлекетиндеги социалдык окуялар фонунда сүрөттөйт. Коомдогу теңсиздикти сындап, карапайым элдин жакшы жашоосун эңсеген […]

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: «Көрүп тур» менен «угуп ал»

АҢГЕМЕ   Көрүп келейин дегени эле эсимде. «Ушул жерден алыс кетпе, мен көрүп келейин» дейт. Ичимен «эмнени көрүп келгени калды?» дейм. Аялдар базарга келгенде эле көргөндөн көрө элеги көп болуп чыгат. Жөн кетпей мени дагы «көрүп тур» деп коюп, өзү базардын көрөн-шөрөн саткан бир катарына сойлоп жок болду. Алган менен бергендин, жалган менен чындын, арзан менен кымбаттын тузуна чыланган базар кайнап турду. Кээ бирөөлөр жерге малып алган башын өйдө көтөрүп, бир көзүн ыкшыйта жумуп, базардын как чокусуна келип алган күндү шыкаалайт. […]

Зульфира АСЫЛБЕКОВА: Көпүрө

АҢГЕМЕ Уулубуз Дастандын биринчи класска барып, окуганына бир айдай болуп калды. Окуусу жакшы. Былтыркы жүлүнүнөн жасалган оор операциядан, ошондогу чоң наркоздон кийин, ден соолугуна забын болуп окуусуна тоскоол болобу деп корктум эле. Кудайга шүгүр, эптеп басып жүрөт. Эртең менен атасы жумушка кетип баратып, аны окуусуна жеткизип кетет. Сабагы бүткөндө бир жарым жашар уулум Жоодар экөөбүз, аны тосуп келебиз. Жолдо улам тыныгып, араң келет. Сабактан кийин бүгүн Дастандын классташ бир баласы биз менен чогуу үйүбүзгө келип калды. Тамактанышып алып, экөө бөлмөсүндө […]

Батырбек САПАРКУЛОВ: Самса

АӉГЕМЕ  Кудайга шүгүр, азыр заман жакшы… Союз ыдырагандан кийин беш-алты жыл аралыгында эл тегиз жүдөй түшпөдүбү. Эл жумушсуз, дүкөндөр бош, тамак-аш тартыш, эт дегенди бир айда бир же эки жолу көргөн бүлөлөр да саналуу, а кийим кече дегенди издесеӊ да таппайсыӊ. Азырчы?.. Кудайга шугур, азыр заман жакшы… Бизде эмне көп – самса саткан самсакана көп. Түрү менен жайнайт тим эле. Оштуку, Ноокаттыкы, Лейлектики, кыргыздыкы, өзбектики, ачуу, таттуу, койдуку, уйдуку деп, дегеле санап түгөтө албайсыӊ. Биздин дос да жумуштар менен ары-бери […]