О` ГЕНРИ: Ал эмнеге арсар болду?

АҢГЕМЕ Терең кайгы менен азаптардын издери көрүнгөн чарчаңкы, арык жүздүү киши “Техас почтосунун” редакциясына алып баруучу тепкичтер менен толкундана чуркап баратты. Адабий бөлүмдүн редактору бурчтагы ордунда жалгыз олтурган, кирип келген адам редактордун жанындагы жумшак отургучка өзүн таштап, божурап кирди: — Кайгымды таңуулаганым үчүн кечирим сураймын, сэр, бирок ичимдегини ким бирөөгө төкпөсөм болбойт. Мен эң бактысыз адаммын. Мындан эки ай мурун чыгыш Техастын чакан бир тынч шаарында алпейим жана бакубат турмушта бир үй-бүлө жашады. Бул үйдүн кожоюну Хезекия Скиннер өзүн ал […]

Дилазык: Бактылуу бүлө

ПРИТЧА Жаш жигит акылманга келип кеңеш сурады. — Сиздин билимдүүлүгүңүздүн сыры эмнеде? Сиз бактылуусуз. Сизди сыйлагандар көп, өз жашоосун жакшыртууну каалгандар сизге кайрылышат. Мен көп окуйм. Бирок кыйынчылыктар жармаша берет. Жооп берээрден мурун акылман бир жылмайып, аялын чакырды: — Сүйүктүүм, конок келди, таттуулардан жасаганга камыр көптүрүп койчу. Аялы ашканга бет алды. Бир аздан кийин бөлмөгө келип: -Сүйүктүүм, камыр даяр, — деди. Анда акылман: — Эми камырга бал, жаңгак жана кургатылган жемиштерден кош. Аялы: — Үйлөнүү тоюбузда жасайбыз деген азыктарданбы? — […]

Жек ЛОНДОН: Коңур карышкыр

АҢГЕМЕ Көк шибер шүүдүрүм болгондуктан, аял көлөчүн кийгени үйүнө кирди, кайта сыртка чыкса, аны күтүп турган күйөөсү бардыгын эстен чыгарып, жаңыдан ачылып келаткан жакшынакай бадам гүлүн суктана карап турганын көрдү. Аял жан-жагын карап, жемиш бактарынын арасындагы жыш чыккан бийик чөпкө көз жүгүрттү да: — Карышкыр кайда? — деп сурады. — Эми эле ушуерде болчу. Уолт Ирвин кызыл-тазыл болуп гүлдөгөн көркөм дүйнөнү байкоодон назарын бөлүп, эки жагын каранды. — Жанараак бакма коёнду кууп жүргөнүн көргөндөй болдум эле. — Карышкыр! Карышкыр! Ме-ме!— […]

Итальян жомогу:  «Өй, атты киргиз дейм!»

Арабакеч Петруччо үйлөнөт. Үлпөт тою өткөндөн кийин колуктусун өз үйүнө алып келип, деп турганы: – Йе, Розина, энди экөөбүз сонун жашайбыз! Мен сырттын тирлигин кылам, сен үйдүн. Мен жумуштан качпайм. Эртеден кечке иште десең да: араба менен жүргөнүм жүргөн. Бирок мен үйгө келгенимде – бүттү! Калганы сенин түйшүгүң. Дарбазадан кирерим менен: «Өй, атты киргиз!» – дегенимди угаарың менен чуркап чыгышың керек. – Мэ, сага! – дейт Розина, – Мага ошол эле жетпей аттеле. – Кантип жетпей аттеле… Эй, аттын ээр […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Туулган үй

АҢГЕМЕ Ал жыйырма жылдан бери үйүнө барамын деп коюп чыгыналбай жүрөт. Эки-үч курдай жолдош-жоролоруна айтып койгону бар мактанып. Анда да бир каскак жолун тороп, баралбай калган. Эми жолдоштору тургай катын-балдары да ишенбей калды. Кийинки кезде: «Барып бир көрүп келбесем» – деп айта берчү болду. Атайын бир күндү болжоп, даярданып алып, кайра эле айнып калат. Бир курдай жол азыгын камдап, катын-балдары менен коштошуп, вокзалга чейин барып, поюзду күтпөстөн кайра үйүнө баса берген. Катын-балдары аң-таң калышкан ошондо. – Айнып калдым,– деген Алексей […]

Касым КАИМОВ: Ак жоолук

АҢГЕМЕ Дубалда илинген календардын барагында 1978-жыл 1-март деп бадырайган жазуу. Толмочунан келген, багалчак бойлуу, буурул чач Алыбек алакандай барактан көзүн албайт. Эртең мененки оокатты даярдап, дасторкондун жанында олтурушкан уулу менен келинине көңүл бурбайт. Тек өзү менен өзү. Ушул үй, үй-бүлө жана календардын тагдыры тутумдаш. Жыйырма беш жыл мурда, үй жаңы курулуп, актын жыты кете элек дубалдын бооруна календарь биринчи жолу илинген эле. Уулу ошол жылы туулган. Алыбектин өмүр салтына айланган календарды биринчи жолу сатып келип, жаңы бүткөн үйүнүн бооруна кадаган […]

Олжобай ШАКИР: Жашыруун нике

АҢГЕМЕ I Уулу менен кызынын бөлмөсүнөн угулган дабыштан улам Качкын ууру мышыктай болуп каалгадан башбакты. Анар керебетинен жаңы эле туруп аткан экен. — Кызым турдуңбу? Жакшы уктадыңбы? — Иги… уктадым. Түш көрдүм ата… айтып берейинби? — Айта гой… айт. Кана…

Ыза

Аңгеме  Бул жолу да чырды аялы баштады. — Эй, ашкеби! Элдин эркектерин карачы!? Айда алтын, күндө күмүш табышат. Салган үйлөрүн, минген машинелерин карачы да, сен экөөбүздүн жашообузду карачы. Өкмөт берген чучуктай үйдө…Арабадай кылдыраган автобуста көрүнгөндүн колоңсосун жыттап… Аял чындап эле жашып кетти. — Дүнүйө колдун кири эмеспи! — деди күйөөсү күңкүлдөп.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Момуш азилкеч»

Аңгеме Согуш аяктаганына бир жылдай болуп калган. Фронтко кеткендер арасынан  дайыны билинбей кечиккен Момуш коңур күз күндөрүнүн биринде, кечке жуук айылына бир мүшөк туз артынып кирип келбеспи. Айылда туз тартыш эле. Учурашканы келген эл-журт анын үйүн басып эле калды. Бирөөсү аке деп, бирөөсү таяке деп, дагы бири дос деп, айтор  туз сурагандардын ичинен бир да жат киши табылбайт. Алар ага миң ыраазылык айтып, алкап, бата берип жатышты. Ошончо алыс жолдон мындай оор жүктү азап менен  көтөрүп келгенин унутуп, өзүнө өзү […]

Эркек менен аялдын айырмасы

Оскар УАЙЛЬД (1854-1900), англис жазуучусу Байкасаңар, өңү серт аялдар күйөөлөрүн өлүп-талып кысканат, а ажарлуулар антпейт. Себеби, ажарлуулар башкалардын күйөөсүн башкалардан кысканат. * * * Эгер аял  өз кызынан он жашка жаш көрүнөрүнө көзү жетсе, ага мындан өткөн кубаныч жок. * * * Эркек ойлонот. Аял ойлонуп атам деп ойлойт. * * * Аялдарга ишеним артса болот, себеби алар маанилүү нерселерди эстерине түйө албайт. * * * Аял эркектен эч нерсесин аянбайт. Бирок бергендерин сөзсүз кайрып алат. Алганда да майдалап-майдалап отуруп […]