Алыкенин 70 жылдыгына арналган адабий кечеге келиңиздер!

Белгилүү публицист жана акын-котормочу Алым Токтомушевдин 70 жылдыгына арналган адабий-музыкалуу кече КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атайы уюшулган иш алкагында белгиленгени турат. Эскерүү кече 20-октябрь күнү, саат 15.00дө К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын чоң залында өтөт. Адабий-музыкалуу кечеде акындын өмүрү-чыгармачылыгы туурасында баяндоолор, эскерүүлөр менен катар А.Токтомушевдин тандалма ырлары окулат. О.э. тарыхчы, окумушту Чоюн Өмүралиевдин «А.Токтомушевдин поэзиясы»; белгилүү публицист жана журналист Эсенбай Нурушевдин «А.Токтомушев – чыгаан публицист»; журналист Аскер Сакыбаеванын «Менин устатым» аттуу эскерүү баяндары жана Мукан Асаналиевдин котормосундагы Алым Токтомушевдин […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Өрт!..

АҢГЕМЕ Сабак өтүп жаткам. Бир маалда кимдир бирөө эшикти тыкылдатып калды. Ачсам – методист кыз экен. Алактап шашып алыптыр. – Кечирип коюңуз, – деди ал коомайсыздана. – Сизди бир аял издеп жүрөт. Сөзсүз жолугушум керек дейт. Өтө зарыл эле дейт. Азыр жолугушум керек дейт… – Кандай аял?.. – Кандай десем, кыйлага эле барып калган. Ии баса, Алтынай деген эжейи болом дейт. Чын окшойт, мугалимге окшош экен. “Алтынай эжей… Бул ким эле?” – дедим мен өзүмчө шыбырап. Анан: – Кайда кетти? […]

Чынаркан БЕКТУРОВА: Шербет

“Шербетти тааныйт экенсиң, мага караганда мурдарак бир мектепке чогуу барыпсыңар , эскерүү жазбайсыңбы, бая экөөбүз сүйлөшкөндө Шербет минтип айтты эле деп кеп салдың эле, ошо дагы эскерүү эмеспи, жазып бер ” — деп Урниса телефондон кадимкисиндей өктөм сүйлөп салды. Ошондон бери ойлор ээрчип, кай тараптан баштаарымды билбейм. Атаңдын көрү, эч качан ушундай эскерүү жазам деп оюма келбептир. Жашоо турмуштун ойдо жокко жолуктурар мыйзамынын дагы бир далили ушул экен да. Качанкыны эстедим: 1967-жылдар мен 9-класска көчүп, Кара-Кужурда сегиз жылдык мектеп болгондуктан, […]

Айылчы САРЫБАЕВ: Алым карарган деңиздеги агарган толкун болчу!

«Карарган деңиз, агарган толкун» А.Токтомушев Мезгил билинбей өтүп, Алым Токтомушевге эскерүү жазып бересизби деп Олжобай телефон чалса, Алымдын жок экени ошондо эсиме түштү. Көп эле Алымды жакындан билген билбеген адамдар ар кандай деңгээлде ойлорун айтып, Алым Токтомушевдин элесин колдон келишинче ар тараптан чагылдырууга аракет кылгандарына чоң рахмат. Алым экөөбүздүн байланышыбыз айылда окуп жүргөндө жок болчу. Ал менден бир класс жогору окугандыктан жана ылдыйкы «Кызыл Кыргызстан» деп койчу биринчи бригадада жашагандыктан мамилебиз сый болчу. Алымдын теңтуштары башка, меники башка эле. Менин […]

Жигитов менен Абдуразаков тууралуу Нуралы Капаровдун эскерүүсү

«Кандай гана полемика, талаш-тартыш маселе болбосун Салижан Жигитовдун оппонентинен жеңилгенин көргөнүм жок. Билимдүү, чечен, чынчыл Салижан агадан көптөр жалтайлап качып турчу. «Кың» десе баса калмай кыраандыгы бар эле. Ошол мен билимдүү, чечен, чынчыл, кыраан деп жүргөн Салижан Жигитов агабыз дагы бир билимдүү, чынчыл, чечен, кыраан агабыз Ишенбай Абдуразаковдон эки-үч ирет аягына чейин «кармаша албай», жалтайлай түшкөнүнө күбө болгом. Жалтайлагыдай деле маселе эмес эле, кызыл-чеке түшүп аягына чейин талашса, балким, өзүнүн чындыгын далилдеп коет беле, бирок Салижан аке сөздү ырбатпай дароо […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Бейиште ачылчу сандык

АҢГЕМЕ  Чоң энемди “апалап” чоңойдум. Ага арнап жазган жүрөгүмдө сагынганычтын каты бар. Анда окуй баштайын… «Саламатсызбы, апа! 1912-жылдан 1989-жылга чейин ушул жалганда өмүр сүрдүңүз. 4 жашыңызда Үркүн деген балээ чыгып, Кытайга чейин үркүп барып, анан Кудай сактап аман кайтып келиптирсиз. “Элес-булас эсимде, качкан кезибиз, ачкадан ыйлап азап тартканыбыз…” деп барып, “сурабай эле койчу балам, биздин башыбыз менен эле кетсинчи” деп ыйлап жиберип отуруп калар элеңиз. Сиздин себиңизге келген сандыкты сактап жүрөм, апа. Ушул сандык менен толтура акыл жана тарбия бергендей […]

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ: Сакем ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш сымал эле…

Бир жыл илгери кайсы бир белгилүү адамдын юбилейинин эртеси телефон шыңгырап калды. Тыңшасам Сакем экен, «үйдөсүңбү?» дейт. «Тышта болсом телефонду алат белем? десем, «Баса дейм да, сени кечинде эле эмес, күндүзгү тойлордун баарына чакырышат экен, ансыз той көркүнө чыкпай калыптыр деген сөз угуп калдым эле, болбосо жөн эле келе бермекмин. Болду, мен азыр барам» деп карсылдап күлдү. «Ой, мен азыр тойго кетип бараттым эле. Болуптур эми, сен биринчи жолу телефон чалып келмекчи болгонуң чоң жаңылык. Ошону белгилейли»… Учурдагы абал боюнча […]

Биримкул АЛЫБАЕВ: Рыспай Абдыкадыров – кыргыз музыка дүйнөсүнө ачылыш жасаган гений

Жазуучу жана сүрөтчү Үсөн Сарыбаевге кат Үсөн иним! Сенин, өзүңдүн жердешиң – доорубуздун чыгаан таланты, кайталангыс, бирок карапайым, бала кыял, наристе мүнөз булбулу Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылык өмүрүнө арналган – «Эңсеген менин обонум» деген даректүү баяныңды окуп чыккандан кийин, кадыресе каниет алып, чыйрала түштүм. Сенин ар бир сөзүң жүрөктөн өзүнүн татыктуу ордун ээлеп, кыялымды көккө учурду. Рыспай менен кайрадан жолуктум. Ушул жалган дүйнөдөгү күнүмдүк көрөң-шөрөндөрдү унутуп, Рыспайдын гана Ааламында жүрдүм! — 1963-жылдын майы эсимде бекем сакталып калды,- деп эскерет ошол кездеги […]

Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ: Жоругу көп Жокем же Ак-Кыянын аңызы бүттүбү?

ЭСКЕРҮҮ Кар жатпас кара Кочкордун тээ түпкүрүндө ызгаары бетти туурулткан, кара шамалы карартып, жайкы аптабы куйкалап жиберген, тоосунда кара доңуз (чөптүн аты), жака белинде шилбе, жайыты такыр болгону менен малга ылайык, боз адыр курчаганы менен коктусу ылдый коену куюлган эки тоонун ортосунда жайгашкан Кара Кужур өрөөнүндө Ак-Кыя деген айыл бар. Айыл аталганы менен жапан талдан башка бир бак аттуу жок. Буудайды мындай кой, арпа бышпайт. Бак-дарак оозуңан айлансын. Бүт турмуш малга байланган. Союз учурунда Маскөөнүн камсыздандыруусунда болчу деп айтышат. Чет […]

Мукебиз эл багар эле

Эх, замандаш! Мукем экөөбүз айылдаш болгондуктан ымалаш элек. Андыктан элге бала кезден берки турмушун учкай кеп кылгым бар. Бир үйдө беш эркек баланы тарбиялаган Жумаш эже жалгыз бой жан эле. Балдары: Жолдошбек, Эмилбек, Мухтарбек, Самарбек, Нурлан биринен бири өткөн шок болчу, баары бир айылды чаңызгытып чоңоюшту. Булардын арасынан Мукем гана эрте токтолуп, идиректүүлүгү мектептен эле көрүнүп, эрте жетилди. Биздин айылда бир да түтүн орус жашабаганы менен Мухтардын орус тилден камчы салдырбай жалаң “5” деген баага окуганын эжем Анара үйдө көп […]

Бир сүрөттүн тарыхы (уландысы)

<<<<<<<<<<<<<<<БАШЫ «Коомдук иштин» коктуларында Тарых, улуттук дүйнөтааным менен кызуу алпурушуп жүргөн чагым. Петроглиф сырларына, скиф айбанат стили атыккан искусство дүйнөсүнө, алардан жалпылана калкып чыккан көчмөндөрдүн орнамент ааламына системдүү илик салып, улуттук философиянын уңгусун материалдык маданияттан излеп, издеп жүргөн кезим. Ошол кезде жан дүйнөмдү катуу козгогон, түйшөлдүргөн, мен үчүн өзгөчө орошон бир окуя болду. Сүрөт музейинде «Байыркы Хакас искусствосу» деген көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө адеп киргенимде талып жыгыла жаздадым. Музейдин экинчи кабатынын дээрлик жарымын ээлеп Хакасия, Алтай мейкиндигиндеги таш сүрөттөрдүн көчүрмөсү күтүрөп […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Сербейген кыргыз Сократы

Мен да Салижан Жигитов менен замандаш, калемдеш, курбу болгонума сыймыктанам. Аны менен ынак болгонубузга, адабиятка бирге келгенибизге жарым кылымдай мезгил өтүптүр. Ошондон бери аны «Саке» деп ызат кылып келдик. Ушу кыска сөз ичинде биздин ага урматыбыз, аны туу туткан сыйыбыз бар эле. Деле «Саке» деген сөз элибизде ыйык окшойт. Анткени кыргыздар дагы бир улуу кишисин Саке дешээр эле. Антип алп манасчы, залкар талант Саякбай Каралаевди айтышчу. Акыл чайкасак, «Саке» деген сөздүн кудурет-кусуру, даражасы экөөнө тең куп жарашып турат. Салижан кимге […]

Чыңгыз Айтматов Сыдыкбеков жөнүндө

Тоо бөксөрбөйт Баштагы Караколдо (азыркы Пржевальскиде) эскиден калган үй бар, ал азыр да турат. Кабыргасы ката элек каргадай чагында Түгөлбай Сыдыкбеков ошол үйдө жалданып иштеген. Андан бери «тээ илгери» дегендей деле убакыт өтө элек, бул жыйырманчы жылдардын капортосунда болгон иш. Үйдүн өрү кетсе да, өзү калып дегендей, бир топ эле эскирди, ал эми ошондогу жалчы жүргөн баланын ооматы келип, зоболосу өргө кетти. Ал узак, бирок байсал жол басты, батырактан академиктин даражасына жетти. Фольклордук салттардан көп пландуу социалдык романдын аскар белине […]