Белек Солтоноев: 1819-1820-жылдардагы Солто жана Сарыбагыш кыргыздарынын өз ара согушу

Дөөлөстүн Токо жана Манап деген балдары кедейди эзген феодал болгондуктан, булардын зулумдук кылып, малы менен башына ээлик кылбаган үчүн, залимдигине чыдай албастан, жакын тууганы жедигер Талас менен Намангенге ооп кетип (анда Жанкороздун балдары болгон), кийин саяк, бугу, сарыбагыштын феодалдары бирлешип букараны, кедейди эзип турушкан. Булардын солто кыргызынан ала турган аласасы болсо, кечикпестен тийген. Ошол себептен «солточок» деп атаган, «Чок» деген сөз эчтеме калбастан, бүт колго тийди деген сөз. Кыргызда өзбектин соодасы болуп, аны менен кыргыздын баш феодалдары пайдаланып, кедейдин канын […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Туяк жөнүндө сөз

ЖОМОК Мурдагы бир заманда жылкы, уй, кой, эчки төртөө шерик болуп, чогуу жашаптыр. Бардыгынын туяктары ача экен. Алар жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо болушат. Жети тоо ашып, жети суу кечип жайлоого жетип, кайра кыштоого кайтышканда да жети суу кечип, жети тоо ашып, күндөп-түндөп жол жүрүп, туяктары жешилип аябай азап чегишет. Мезгил күзгө таяп, жайлоонун жайкалган тулаңы куурап, кыштоого көчүүгө кам ура башташат. Ошол жайлоонун башында бир уста жашоочу экен. Анын колунан көөр төгүлүп, каалаган нерселердин бардыгын жасаган укмуштуу өнөрү болуптур. Ал […]

Макоо карышкыр

Казак жомогу Илгери-илгери бир акылсыз карышкыр болгон экен. Бир күнү эчкиге жолугуп калып: – Мен сени жейм, – дейт. – Мейли, жесең же. Бирок мен өтө эле арыкмын, бир жагынан карып да калдым. Сен кичине күтүп турбайсыңбы, менин бир улагым бар, ошону ээрчитип сага алып келип берейин. Анын эти аябай даамдуу, – дейт эчки. Карышкыр макул болуп, эчкини күтүп турат. Эчки барып койчуга карышкыр тууралуу айтып салат. Койчу келип карышкырды өлөрчө сабайт. Карышкыр араң качып кутулат.