Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн

(Үчүнчү топтом) *    *    * Тообо, бала кезде балакеттей тентек болсок да, гүлдөргө таш аткан эмес экенбиз. *    *    * Самара Токтакунованы кыргыз эли тургай, кыргыздын комузу да жанындай сүйѳт экен! Ага далил, күүлѳнгѳн комуздун үч кылын бирден терип доош чыгарсаңар – тапа-так гана «Са-ма-ра» деп турат. *    *    * Майрам – карыпка да майрам. Карпына-карпына бөтөлкө жыйнап. *    *    * Айылдагы айрым майдалыктарды көрүп, андан мени окчун алып кеткен алпкаракуштун – Бишкектин болгонуна шүгүрчүлүк келтирдим. *    *    * Жигиттер […]

Акутагава РЮНОСКЭ: Түпкүрдө

Которгон Назгүл ОСМОНОВА НОВЕЛЛА Соттук төрөнүн сурагында отунчунун айтканы Ооба. Өлүктү мен таптым. Бүгүн эртең менен адатымча, тоолор жакка жыгач кыюу үчүн жөнөп кеттим. Ошентип, тоо түбүндөгү токойчодо өлүк дене жатыптыр. Кайсы жерде дейсизби? Болжол менен Ямасинге кеткен жолдон төрт-беш чакырым алыстыкта. Бул бамбук дарактары солкулдак жаш криптомерия дарактары аралашып өскөн элсиз жер. Сөөктүн кийгени жеңи ачык бозомтук-көгүш чапан менен эски эбоси шапкеси экен, мындай биш кийимди борбордо гана кийишет. Сөөк чалкасынан жатыптыр. Иш мындай болуптур, анын денесинде бир гана […]

Насыпбек АСАНБАЕВ: «Унутулган салт»

АҢГЕМЕ Ал күн эч качан эсимден кетпейт. Сыртта жамгыр нөшөрлөп куюп турган. Оорукананын узун, ээн коридору менен ак халатчан дарыгер мени көздөй басып келатты. Кудай ай, ошондогу убакыттын чоюлганын кантейин. Дарыгер кадам шилтеген сайын апакай халатынын этеги жайбаракат желп этип, өзү менен кошо делпилдеп келет. Ал дарыгердин да ошол күнкү элеси түбөлүк эсимде. Чыдамым кетип калган экен. Бутум ооруп турганына карабай тура жүгүрдүм. Жок, мен дагы каалгып калдым окшойт. Убакыт чиркин! Кыймылдын баарын ылдамдаткан да, жайлаткан да убакыт экенин чучугума […]