Дүйшөн КЕРИМОВ: Өмүр токтоп тургансыйт…

Жараткан мага комуз чертүү өнөрүн ыраа көргөн эмеспи… Атам деле алынча комуз черте коюп жүрчү эле. Аликүнчө эсимде, мектепке чейинки курагым эс тартканы эң бактылуу болду окшойт. Ошондо ушул эле азыр биз этибарга албай таштаган шам чырак бир үйдү жаркыратып турганга жарачу. Атам комузду ашмалтай черте берчү эмес, көңүлү жай болгондо гана анда-санда, эл орунга олтурган маалда колуна алчу. Андайда мен да даяр болчумун. Чөк түшө, үч буроонун жогору жаккы учун оозго салып, аста тиштеп алчумун. Кыязы, тентегинин ал кылыгына […]

Салтанат ОРОЗОБЕКОВА: Байыркы эки аял

ЭССЕ Күз. Сагын акын. Үчөөбүз ээрчишип келаттык… Сүйлөшүп коебуз, бир туруп оозубузга суу толтуруп алгансып дымып да калабыз. Андайда ар ким өзүнө кирип кетип унчугушпай калганда күз- маэстро ортодогу үнсүздүктү ылдам эле буза коет. Сыйкырдуу таягы менен нары- бери шилтегенде кадимки сырт дүйнөгө туш болуп “өз бөлмөбүздөн” кантип чыга- чыга калганыбызды байкабай да калабыз. Күз болсо менин бийлигимди билишсин дегени го, ого бетер шуулдап сары, жашыл, кызгылт түстөгү бариктерин туш- тушка учурат. Бир саамга күүлдөй түшүп кайра мелмилдеген тынчтык. Күз- […]

Ба ЖИН: Ажыдаар

ЭССЕ Мен көп түш көрөм. Көбүнчө түшүмө караңгы түн кирчү: асманда жылдыз жок, айланада ай нуру жок. Бир жолу ажыдаар кирди. Бийик тоо боорундагы калың токойду аралап жүрүптүрмүн. Колумда мени коргой турган темир таягым бар экен. Темир таягым мени токой ичиндеги ийнелүү дарактан, чөөлөр менен карышкырлардан коргонууга жарап, тоо бийиктигине көтөрүлө бердим. Бутумдагы камыш чокоюм саз менен кирген сууга чөктүрбөй, «суудан кургак алып чыкты». Жолдо баратып саздан эки көзү кыпкызыл фонардай жаркыраган, башында мүйүзү бар желмогуз көрдүм. Чоңдугу эки-үч кишинин […]

Лао МА: Кыялдын аткарылышын кайгы менен тосуп алуу

Кытай адабиятынан Которгон Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ Талаанын баарын рапс гүлдөрү алтын түскө боёгон сымал. Күн жадырап тийген сонун күндөрдүн биринде Ло Тяньхун ата-энесине деңиз жээгиндеги жаңы үйгө көчүүгө жардам берип жүрдү. Жыйырма жыл мурда, Ло Тяньхун ата-энесине терезеси деңиз менен тоолорго карай ачылган кооз үй сатып берүүнү убада кылган. Ал чын дилинен алардын бактылуу карылыгын камсыз кылгысы келген. Кыялында көп жолу ата-энесинин көзү кубанычтан жашылданып, экөөсүнүн жээктеги жаңы үйүнө кандайча басып баратышканын элестеткен. Ал эмдигиче атасынын сөзүн эстеп жүрөт: “Сен […]

Чжуан-цзы: Какылдап-какшаган миң ооз кебиң желге сиңет, а ооз ачпай жүрүп айткан бир ооз кебиң элге сиңет

ДИЛАЗЫК Баарын билгиси келген адам эле даанышман болуп чыкпайт. * * * Кыйшык темирди түз темир менен урсаң, түз темирди да майыштырасың. Эгер далилденген ишти далилсиз жүйө менен далилдейм десең, экөөнүн тең ишбалдасы чыгат. Билимсиз кара күчкө салат, а билимдүү дайыма ар нерсенин өзөгү менен тамырын табат. * * * Билими терең – токтоо, салмактуу. А билими чала кайда барып мурдумду тыксам деп убара. * * * Биздин өмүр чектелүү, а билимдин чеги жок. Чама-чаркың чектелүү туруп, чексиздиктин артынан кууган […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Ажайып эскерүүлөр толтура»

 — Дүйшөн Касиевич, 60 жылдык мааракеңиз кут болсун! Бул кутман куракты кандай тоскону турасыз? Дегинкиси, 60ка чыккан кандай болот экен? — Куттугуңа ырахмат! 60 жашты кандай тосмок элем… Мен туулган күн дегенди дегеле этибарга албаган кишимин. Илгери ОшПИде окуп, пахта терип жүргөндө 20 жашымды Пайсилла Ирисов деген агайым уюштуруп, пахтазарда тойчук өткөргөнбүз. Анан 50гө чыкканда белгилейин десем, өзүмдөн башка эч ким мен кембагал тууралу ойлоп да койчу түрү жок. Анан бир санаалаш киши менен, «Эй дүйнө, мен да элүүгө чыктым […]

Келки жолдогу өмүр

АҢГЕМЕ  …Бу ой деген азаптуу нерседен качып кутула ала турган күн жок окшобойбу. Күзгү муздак нөшөр сымал адам мээсине тынымсыз куюлат да турат. Же бир жыргаткан, эч болбоду дегенде маңдай жылыта турган ой болсочу. Баягы эле мөмөлөрү эчак терилип, сарбариктери күбүлүп, шопоюп турган жалгыз даракты элестеткен жагымсыз ойлор. Ошолорду жомоктогу кырк кулач чачтуу кыздын жайылган чачындай чубалжыта сүйрөп, жолго төгүп-чачып, коротуп, жай басып келатты. Ал түгөнгүр, эзели бөксөрчүдөй эмес. Антмек тургай, кайра арбып, ашып-ташып келип, биротоло каптап кетчүдөй. Келатып, түшүнүксүз […]

Мүрзөдө өскөн гүлдөр

Зинакан ПАСАҢОВА Аңгеме Чөбү тапталбаган жолдун нугун зорго таап, бутка ширелген тулаң чөптү жирей басып, атамдын жайына келе жаттым. Өмүрүмдөгү эӊ узак да, армандуу да, сагынычтуу да жол… Атамды жерге бергенибизден кийин кыркынчы күнү ушул жол менен жайына келгеним эси-көөнүмдөн кетпей жүрөгүмө батып калган. Ошондо али балакатка жете элек сезимимди майыштырган кайгым кандай жаңы болсо, дөбөлөнө үйүлгөн боз топурак да ошондой жапжаңы, таш боор, муздак эле. Мен үчүн аска-тоодой болгон адамды бизден айрып, кара жер алдына түбөлүккө чыккыс кылып жашырган […]

Мусулман аалымдарынан акыл аят

Ибрагим АЛЬ ХУСРИ (болжолу 990—1022 ж.ж.) араб акыны  Жалганчынын уурудан айырмасы жок. Бирөөсү – мүлк; бирөөсү – акыл уурдайт. * * * Жүрөктөн жаралган сөз жүрөктөрдөн түнөк табат, тил учунан айтылган сөз кулактан ары өрдөбөйт. * * * Өлүм – сага мээленген жаанын жебеси, а өмүр – мээленген ок сага жеткенге чейинки аралык.