Сулайман пайгамбардан жети санат

Акылман деле чоң акчаны көргөндө акылмандыгын унутуп коёт. Акча адамдын акыл-эсин талкалайт. Сулуу бирок эссиз аял, чочконун тумшугундагы алтын шакектей. Кедейдин зарына кулак салбаган адам, өзү да бир күнү дал ошондой күнгө туш болот. Жаныңда бейгапар жүргөн жакыныңа жамандык кылба. Кээде күлкү да жүрөктү оорутат, кубанычтын аягы кайгы менен бүткөн күндөр да болот. Жинди деле сүйлөбөй турса акылдуу көрүнүшү мүмкүн. Акыл-эстүү адамдар коркунучту көрө билишет жана сактанышат, акылсыздар коркунучтун алдынан чыгып, жазасын алышат. Альберт Эйнштейнден эң күлкүлүү жети экмет Келесоо […]

Бийлик – бул шилиден алып тургузмайын эч бири ордунан козголбогондордун жайылган дасторкону

Томас ЖЕФФЕРСОН (1743-1826), АКШнын 3-президенти Эркиндиктин тамырын өз мезгилинде патриоттор менен зулумдардын каны сугарып турууга тийиш. Бул анын табигый жерсемирткичи. * * * Эр көкүрөктөргө караганда суужүрөктөр талаш-тартыш болгон жерге мурун тыга коёт. * * * Эгер жиниң келип турса, онго чейин сана, ага болбой жаның кашайып баратса, санагыңды жүзгө жеткир. * * * Насаатыбызды сөз эмес, өз турмушубуздан көрсөткөнүбүз ийги. * * * Башкалар менин жыргалчылыгым үчүн эмес, мен башкалардын жыргалчылыгы үчүн жасаган эмгектерим менен эл эсинде калгым келет. […]

Махатма Ганди: Кудайга куру сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз

(1869-1948) Индиянын мамлекеттик ишмери Мени ыйыктын ыйыгы санашат, а саясат мени эбак бузуп салган. Чынында саясат аркылуу барын түптөөгө болот: менин ыйык болуп калганым ошондон. * * * Биз сымаптай кылтың саясаттан, уят-сыйсыз ыракаттан, мээнетсиз байлыктан, кулк-мүнөзсүз илим-билимден, адамгерчиликсиз аалым болуудан, битибизден бизнес жасамайдан, анан кудайга куру сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз. * * * Дайыма карама-каршылыгыбызды ачык билдиргенде гана алдыга жылабыз. * * * Саясый эркиндиктен мурда тазалык маселеси маанилүү. * * * Зергерлик мээнет болмоюн жез, күмүш, алтындын куну […]