Дарика Оторбаева: Чоң базардагы бир күн

АҢГЕМЕ Мурдагыдай эле кичинекей ырларды жазып жүрө бербей, бул аңгемени баштап отурам. Эки жыл мурда 8-классты бүтүп, жайкы каникулга тараган кезибиз болчу. Апам күндөгүдөй эле жумуштан чарчап, абдан кеч кайтты. Атамдын мугалимдик иши оор, жол киреге акчасы жок калганда үйгө жөө келмей. Анда деле бүгүнкүдөй 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөчү майрам тууралуу теле-радиодон көп сөздөр айтылып, колунда бар бай адамдар майып балдардын интернаттарын, жетимдердин тагдырын эстеп атканы берилип жатчу. Ушул күнү бөбөгүм экөөбүз Бишкектин борбордук аянтына чыгып майрамдагыбыз […]