Толук Бек БАЙЗАК: Акындык бул каргышындай кудайдын

ДЕҢИЗСИҢБИ АЛЫСТАГЫ АЗГЫРГАН… Деңиз окшоп алыстагы азгырган, Толкун окшоп оюнкараак, наз кылган, Кандай жансың ээликтирген, эңсетип, Сүйүүң менен кышты дагы жаз кылган. Кандай жансың кышты дагы жаз кылган, Шарап сымал акылымды мас кылган. Түйшүк салып түнү боюу уктатпай, Түйшөлдүрүп түмөн ырды жаздырган. Алдай албайм тилим начар, келегей, Жандай албайм, акым да жок кенедей. Ансыз деле азап тарттым жашоодо, Жолун таппай, жээкке урунган кемедей. Деңиздейсиң албуут, терең, жан алып, Мен деңизчи ашык болгон карарып. Толкунуңда чабалактайм балыктай, Бирде өлүп, бирде кайра […]

Кыска жана күлкүлүү жомоктор

Таарынчак кемпир Абхаз жомогу Бир кемпир түш көрүптүр. Түшүндө бийлеп аткан болот. Ойгонуп кетип, кол чаап коштобогону үчүн  жанында жаткан чалына жини кайнап баштаптыр. Карганын кантип пиво жасаганы Лит жомогу Пиво арпанын үрөнүнөн жасаларын карга угуп калат. Анан ал арпанын үрөнүн табат да чалкыган деңизге таштап коёт. Мына анан жээкке отуруп алып деңиз суусунан жутуп, мактай баштаган экен: – Вах, канча көп ичсең, ошончо даамдуу го, чиркин. Пиво кайнаткан ушул турбайбы! Талашты басуунун эби Тажик жомогу Апенди менен кошуна турган […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Чал жана деңиз

Жазуучунун «Чал жана деңиз» повести Пулицер (1953) жана Нобель (1954) сыйлыктарына татыктуу болгон. Жазуучу 1961-жылы 21-июнда Кетчумда өзүн өзү атып өлгөн. Которгон Марс ТОКТОМУШЕВ ПОВЕСТЬ Чал жалгыз өзү кайыгына түшүп, Гольфстримде балык уулап жүрдү. Ал деңизге сексен төрт күн такай чыкса да, бир да балык кармай албады. Алгачкы кырк күнү аны менен бирге бала болду. Бирок күн артынан күндөр өтүп, балык карматпаган соң, эне-атасы ал балага: «Чал эми анык Salao», башкача айтканда, «жолу болбогон эң эле бир шордуу неме экен», сен […]

Ааламдын жаралышы жөнүндө уламыш (Гурон уруусу)

Индейс жомогу Илгери дейт: суу болуптур, кара жер балбан жок экен анда. Жайкалып-чайпалып жаткан деңиз экен баары. Жан-жаныбарлар гана жашаптыр. Канаты бары көктө кайкып, канатсызы көлдө чалкып же абада калкып жашачу экен. Асмандан аялзат кулап, бирок аны бири ургачы, бири эркек гагары (сууда сүзгөн канаттуу — котормочу) канаттарына калкалап сактап калышат. Аялдын салмагы сайдын ташындай оор экен, түгөт. Гагарылар аялды сууга чөктүрүп өлтүрүп албасак экен деп коркуп, жардам сурап чаркырашат. Алардын катуу чаркыраганын уккан жандыктар жабалактап жетип келишет. Деңиздин зор […]