Дилазык: Наристени өлтүрүп…

Бир кезде “көптү билем” деген брахман жашаган экен. Ал жылдыздар аркылуу төлгө салып, бардык магиялык ырым-жырымдарды үйрөнүптүр. Ал ушунусу менен сыймыктанып, бул өнөрүн элдин баары билишин каалайт. Ал үчүн аны тааныбаган өлкөгө келип, кичинекей баланы колуна алып, өзү ыйлап кирет. Брахмандан: — Ой, эмне ыйлап жатасың? – деп сурашат. — Бул наристе, — дейт брахман, — жети күндөн кийин чарчайт. Ушундай кичинекей баланын өмүрү кыска болуп калганына кайгырып жатам. Ыйлаганым да ошондон, — деп жооп берет. Аны жарлап тургандар: — […]

Дилазык: Жаман кийимдин өрттөлүшү

Илгери жакырчылыкта жашаган киши болот. Бирөөгө жумушка орношуп, өзүнө кийим алганга каражат табат. Эми ал пулга кездеме аты эле бар оңтойсуз кийим келет. Айла жок, сатып алып кийинет. Муну көргөн дагы бирөө: — Эй, сен оңой эмес кишилердин тукумунансың, атаң аты алыска кеткен киши болгон, а сенин кийингениң ушулбу? Мен сага жакшы кийимди кантип табышты айтып берейин. Мен айтканымдай гана жасайсың, а мен сени уятка калтырбайм. Бечара сүйүнүп кетип, тигил кишинин айтканын аткарганга дилгирлене түшөт. Тигил болсо дароо экөө олтурган […]

Дилазык: Көздөн айрылганда

Бир жолу бир киши бир учурда эки катын алат. Анан бирөөсүнүн жанына басып барса эле, экинчиси каарданып, чалкасынан кетет. Эмне кыларын билбей калат. Анан эки аялынын ортосуна жатып, шыпты карайт. Анан эле нөшөр төгүп кирет. Үйүнүн чатыры тешилген экен (буддизмде бул акылы кем адамдарга багышталган салыштыруу). Суу ылай аралаш төмөн таамп, кемакылдын так көзүнө тамчылай баштайт. Ал эки катынына бирдей карайм деген ойго келип алып, ордунан турбай, кыймылдап да койбой жата берет. Ошентип анын көзү көрбөй калган экен. Кемакылдардын кылары […]

Дилазык: Түз жүргөн ата

Тээ илгери бир киши атасынын адептүү, түз жүргөн киши экенин айтып мактанат. Ал: — Менин атам сооп иштерди көп кылат, эч кимди өлтүргөн эмес, колу да туткак эмес. Сөзү түз, жалган сүйлөбөйт, садаганы ашыра берет, — дей айтат. Анын айткандарын бир жинди угуп: — Менин атам түз жүргөн жагынан сеникинен ашып түшөт, — дейт. Турган эл суроо салат: — Эми атаң эмне жакшы иштерди жасады эле, айтып берчи?! – дешет. Анда жинди: — Эгерде менин атам бала кезинен эле жанкумардан […]

Дилазык: Каракчы кол салганда

Бир жолу эки киши жапайы жерлерге саякатка чыгышат. Бирөөнүн үстүндө жука жүндөн жасалган желеткиси болот. Жолдон ал желеткисин каракчы тартып алат. Жанындагысы бадалдардын арасына кирип кеткенге үлгүрөт. Тигил үстүндөгүсүн алдырган жолго чыгар алдында желеткисиненин бир бурчуна алтын тыйындарды тигип койгон эле. Анан каракчыга кайрылып: — Бул желетки бир алтын тыйын турат. Кел, мен ошол алтын тыйынга кайра сатып алайын, — дейт. — А тыйының кана?  — дейт каракчы. Тигил желеткисинин этегин сөгүп, тыйынды көрсөтөт. — Бул чыныгы алтын, — дейт […]

Дилазык: Көз ирмеген эргул

Бир киши болот. Өкүмдарга жаккысы келип жүрөт. Ал мүдөөсүнө жетүү үчүн ар кимден сураштыра баштайт. Ошондо бирөө: — Ой, өкүмдарга жагынгың келсе, анын болгон кыймыл-аракетин кайталай бер, — дейт. Ал дароо өкүмдардын алдына келип, өкүмдар көздөрүн ачып-жуумп жатканын көрүп, ал дагы кирпигин кагып кирет. Өкүмдар суроо узатат: — Ооруп калгансыңбы? Суук тийген жокпу? Эмне көзүңдү ирмеп жатасың? Анда тигил: — Көзүм ооруганы жок, суук да тийген жок. Болгону, өкүмдарым, сизге жагынгым келип турат. Сиз көзүңүздү ирмеп жатасыз, мен да сиздей […]

Дилазык: Күттүргөн суу

Бир жолу анча-мынча акылы айныган кемпай ысыктан чаңкап, суу издеп жөнөйт. Алыстан туман сыяктуу закым көрүп, суу экен деп ал жакка чуркап барат. Суунун жээгине келип, жалдырап туруп калат. Ичпейт. — Эй, эмне ичпей турасың, суу деп жанталашып келбедиң беле? — дейт аны көргөндөр. Анда кемпай: — Акылман киши сууну түбүнө чейин ичиши керек, демек мен бүтүндөй дарыяны ичишим керекпи? Суу көп экен, атүгүл бардыгыбыз ичип түгөтө албайбыз муну. Ошондуктан ичпей карап турам, — дейт. Аны уккандар санын чапкылап, күлүп […]

Диндеги эки жүздүүлүк: Күрүчтүн уурдалышы

<<<<<<<<<<башы Бир кишинин аялы төркүнүнө кеткен болот. Бир нече күндөн кийин күйөөсү да кайын журтуна барып, короосуна кирет. Күрүч жанчып жатышып, бардыгы үйгө чай ичкени кирип кетишкенин байкайт. Жакын барат да, күрүчтөн уучтап, шашкалактап оозуна салат. Ушул маалда аялы чыгып калып, сөз баштаса, оозуна күрүч толтурган эри сүйлөй албай жатат дейт. Аялынан уялып кетет: күрүчтү түкүрүп да салалбайт, же сүйлөй албай туруп калат. Аялы сүйлөбөгөнүнө таңгалып, жаагын сыйпалап көрүп, шишик баскан экен деп ойлойт. Анан атасына: — Күйөө балаңыз келиптир, […]

Дилазык: Төөнүн териси

<<<<<<<<<<башы «Жүз уламыш жүрүмү» китебинен Көпөстөр соода кылганы жөнөп калышат. Жолдон бир төөсү өлүп калат. Төөгө баалуу буюмдар, баалуу килемдер артылган эле. Өлгөн төөнүн терисин сыйрышат. Көпөстөрдүн башчысы, эки жардамчысын калтырып, кетип баратып мындай дейт: “Төөнүн терисин жакшылап карагыла, суу болбосун, чирип кетпесин”.  Ал кеткенден соң бир нече күндөн кийин жамгыр жаайт. Эки жардамчы терини килемдер менен жаап коюшат. Натыйжада килемдер чирип кетет. Эми тери менен баалуу килемдерди салыштырып болобу? Адамдар да ушундай. Килемди – “өлтүрбө” деген насаат дейли, төө […]

Дилазык: Жиндин кийими

<<<<<<<<<<<башы «Жүз уламыш жүрүмү» китебинен Бир мамлекетте эл шайырларынын тобу болуптур. Бир жылы түшүм болбой, ачкачылык болот. Шайырлар ачкачылыктын айынан чоочун жерлерге багыт алышат. Бийик тоолор аркылуу өтүүгө туура келет. Тоолордо илгертен киши жеген таш боор жиндер жашайт деген имиштерди угуп келишкен. Шайырлар тоодо түнөгөнгө туура келет. Муздак шамал улуп турат дейт. От жагып, уктап калышат. Шайырлардын бирөө үшүгөнүнөн улам өздөрү аткарган жиндин кийимин кийип, оттун түбүнө келип олтурат. Уктап жаткан шайырлардын бири ойгонуп, оттун жанында олтурган жинди көрөт. Коркуп […]

Дилазык: Жүз уламыш жүрүмү

Чыгышта эмне деген керемет уламыштар бар. Окуп алып чалкаңан кетесиң. Жаш кезде окудум эле. А кезде же интернет жок. Кокусунан эле 60-70-жылдары чыккан, эски десең эски, түлөгөндөн түлөгөн, ар кайсы барактары айрылган «байыркы» китептер колума тийип калар эле. Чычканды баса калган мышыктай эле баса калып окуп калам. 90-жылы болсо керек, тааныш орустан бир китеп сурап алдым. Ал Байыркы Кытайдын уламыштары эле. Эки күндө окуп кайра бергем. Бирок ошондогу уламыштардын көбү көкүрөктө калбады. Кийин билсем, бул биздин заманга чейинки экинчи-бешинчи кылымдарда […]

Дилазык: Туура эмес уйку – физикалык жана психологиялык абалыңа сокку

Майкл Бреустун өз убактысында уктоо,  биоритм,  адамдын ички биологиялык сааты жана күндүн идеалдуу режими тууралуу айткан эң керектүү 28 кеңеши. Биологиялык саатыңды жакшы билсең,  өзүңдүн ички ресурстарыңды толук пайдаланасың, маанилүү окуяларды алдын ала пландаштырып,  адамдар менен ич ара байланышты оң жолго коёсуң, — дейт белгилүү сомнолог (уйкунун адамдын организмине тийгизген таасирлерин изилдеген окумуштуу), медицина илиминин кандидаты, психолог Майкл Бреус.  «Бардык нерсенин идеалдуу учуру болот. Ал учурду тандай да албайсың, болжолдоп аныктай да албайсың: ал ар адамдын өзүндө, анын генинде сакталып, […]

Дилазык: Ааламды кармап турган негизги жети мыйзам бар

Турмушуңду оңой албадыңбы? Демек, ааламдын жети мыйзамын бузуп жатасың. Ал жетөөнү билбегениң – жоопкерчиликтен куткарбайт. Билип алсаң, ката кетирбей, гармонияда бактылуу жашооңо жардамы тиет. Боштук мыйзамы Эгерде жаңы туфли алам десең, эскисин ыргыт. Эгер киймиңди жаңыртам десең, кийим салган шкафыңды тазала. Өз эркиң менен эски көз караштарыңдан арыл. Жаңы нерсе, эскиден арылганда гана келет. Идишиңди бошотпосоң, жаңы бышкан тамакты куя албайсың. Айлануу мыйзамы Бир нерсе алуу үчүн өзүңө тиешелүү бир нерсени бергенге даяр бол. Чачылсаң жыйналасың, төгүлсөң толосуң. Кыялдануу мыйзамы […]

Дилазык: Жашоо шахмат партиясындай

Кимдир-бирөө жашоо шахмат партиясындай экенин айтты. Билбейм, чынбы, жокпу. Шахмат тактасы бирөө гана, ал эми анда эки шахматчы ойнойт. Ар биринин өз максаты бар, ар бири кырдаалга жараша өз ишин кылат. Ар бири өз пландарын ишке ашыруу менен каршылашынын планына тоскоолдук жаратат. Пландар ишке ашпаганы менен оюн жаралып жатат. Эки тарапка тең күтүлбөгөн жерден утуш пайда болуп, эки тарап тең бийлик алдында турбайт. Жеңүүчү — бул өз жүрүшүн жакшы даярдаганы. Кандай кылуу керек? Бир жолу Сократка окуучу келип минтип сурады: […]