Диляра Тасбулатова: Бир кафе тууралуу эки аңгеме

I. Романстар жана финанстар Акыры бир  чыгынып, өзүмдүн “концертим” тууралуу сүйлөшүп алайын деген ой менен, бир кафеге кирип калдым (мен кээде өзүмдүн кыска икаяларымды кафеде окуп калмайым бар). Жарым жыл мурун ушул кафенин директоруна биринчи китебимди тартууладым эле. Директор жок экен, кийим илгичте иштеген адам менен маектештим: ал китеп окуп отурган экен, кафеде болгону үч киши – эркектер, НДС тууралуу катуу бакылдашып атышат, анан мен. Гардеробчу: — Сиз эмне романс ырдайсызбы? Жанында отурган жумушчу кейигендей: — Романс ырдайт финанстар, — […]

Диляра Тасбулатова: Кызыл чемодандын окуясы

Маршруткада баратам, кызыл чемоданым бар. Чемодан алдыга – шоопурдун жанында ээси жоктой жалгыз турат. Аңгыча шуулдаган бир аял кирип: — Кимдин чемоданы? — Меники, — дедим. — Ичинде эмне бар? — Китептер. — Кандай, китептер? — деди аял шек санагандай. — Бирдей. — Бирдей китептер барбы чемоданда? — Ооба, көрсөтөйүнбү? — Көрсөт. Мен чемоданды ачып, аял менин баары бирдей үч китебимди көрдү. — А эмнеге бирдей? — деди аял таң калгандай. — А балким алардын айырмасы бардыр? Салыштырып көрөйүн дедим. […]

Диляра Тасбулатова: Адабий сынчы Василий тууралуу эки аңгеме

Адабий жолугушу Ушул жайда апам ооруп калып, мен күн сайын ооруканага каттап калдым. Оорукананын короосундагы тамеки чегүүчү жерде эркектер отурат – бирөөнүн буту сынса, бирөөнүн колу, кайсы биринин башы таңылган. Алар менен сүйлөшө кетип, эртең өзүмдүн аңгемелеримди ала келип окуп берем деп убада берип койдум (китебим чыга элек эле). Эртеси барактарымды көтөрүп алып жети кишилик палатага келсем, катуу жабыркаган бир эле киши калыптыр, жанында апасы олтурат. — Менин угуучуларым кайда? — Бардыгын кубалап чыгышты, — деди (кабагы бүркөө). Апасын астейил […]