Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: Тайгак жол, тар кечүүгө келип калдык

(Эки эненин аңгемеси “Саманчынын жолунун” мотиви  менен ) – Амансыңбы, Жер-Эне! – Аманчылык,Толгонай, келдиңби? Былтыркыдан быйыл картая түшүпсүң  го? – Сен дагы, Жер-Эне. Бөкчөйүп, бөксөрүп кетипсиң, эмне болду? – Мен куруюн, оорубаган жерим жок. Топурагымдан жаралган адам баласы, кайра эле менин койнума келээр адам баласы жанымды кыйнап салды. – Билем, Жер-Эне , ата-бабабыздын сөөгү жаткан Үзөңгү-Кууш кетип атканда үзүлүп кете жаздагансың. Каркыра кеткенде кашайгансың. Мен да кыйналгам. Бирок бизди–  энелерди  уккан бирөө жок. – Ээ, Толгонай, болор болбос акчага боорумду […]

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: Практикант агай

АҢГЕМЕ Көп сүйлөбөйт. Күлбөйт. Беш-алты досу бар. Ошолор менен мектепке келет, кетет. Быйыл жетинчи класска өттү. Бою узарды, чачы узарды. Көбүрөк да күлүп калды эмнегедир. Өзүнүн жакшы көргөн сабагы башталды. Эми жакшы көрүп калды. Кара каш, кара көз, бети апаппак мугалим сүйлөп атты доскада. Оозун кара, кыздардын оозундай жука. Кирпигин кара, упузун болуп кайрылып. Кыз андан көзүн албайт. Тегереги тоолор, токой менен курчалган бул эски мектепке ал шаардан практикага келгенине эки айдын жүзү болду. Эки айдан бери кыздын тынчтыгы бузулду. […]

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: Көгүчкөн

АҢГЕМЕ Ал ичикти желбегей жамынып, эшиктин алдында турду. “Чыр-чыр”, “чы-ыйт” деген үн чыкты көктөн. Антип-минтип акыл жыйгыча көгүчкөн ичиктин ичине башы менен сайылгандай кирип, колтукта  пысып калды. Ага удаалаш эле баш жагынан аткан октой зуу этип ителги кайып учту. Жума иштин чоо жайын эми гана түшүндү. Тегеректе тал-терек жок эле. Жан талашкан көгүчкөн түз эле кишинин ичине кире качканга мажбур болуптур. Көгүчкөндүн кичинекей жүрөгү тып-тып этип катуу согуп, кишинин эки колун кадимкидей кыймылдатып атты. Жаш толгонсуган жылтырак көздөрү алда нерсени […]