Нурзада Кубанычбекова: Чала молдо эл бузат

Улам барган сайын мечиттердин саны көбөйүп, динге үгүттөгөндөр четтен чыгат. Топ-топ болуп ээрчишип, үй-үйлөрдү кыдырып, кайырчыдай болуп мечитке барып кой деген дааватчылардын саны күн сайын өсүүдө. Көчөдө оронуп-чулганып жер чийип, анысы аз келгенсип жердеги болгон ыпыр-сыпырдын баарын кошо ал кеткен көйнөктөр мындан толтура. Эртеңибиз кайда баратат? Бул өңдүү маселелер бир канча ирээт талкууланса да, коомчулуктун олуттуу көйгөйүнө айланып бара жаткансыйт. Кыргыздын канга сиңген нарк-насили кайда кеткен – жер сыйпалап таппайсың. Дырдай жылаңач жандар андан көп. Түнкү көңүл ачуучу клубдар шойкомдуулардын […]

Олжобай ШАКИР: Шарияттын адаштырган жолу

<<<<<<<<<<<Башы Тагдыр ташпиши Жалилдин ата-энесин тентитип жиберген шоркелдейлер экен. Турсун менен Закен ал күнү Жалил ээрчитип барган жерге жөнөштү. Таяжемдин үйү деген тооккепедей эски үйдүн короосуна кире берген жерден колуна сабы чолок балта көтөрүп, мурдунун суусу куюлган бала жүгүрүп чыкты. Көкмуштумдай. Үшүгөн колдорун оозунун буусуна такаган бала Жалил менен бирге келген чоочун адамдарга бүшүркөй карап, салам узатканга жарабастан жолдон четтей берди да, дөңгөчкө балтасын кайра шилтеп, отун жарганга киришти. – Менин үкам бул… Аты – Капар. – деген Жалилдин үнүн […]

Агрессия и нетерпимость – атрибуты современного фанатизма

Тему подготовили Дина Мухит и Гулзат Аалиева УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС! Дина МУХИТ: Однажды мне довелось оставить комментарий в публикации о том, как мусульманская семья, вместо свадьбы, пожертвовала деньги на подарки детям из нуждающихся семей. Не оскорбляя никого и не затрагивая религию, лишь сделав замечание о том, что не обязательно афишировать благие деяния, я навлекла на себя чуть ли не порчу. На меня посыпались проклятия, угрозы, оскорбления вроде: «эшек», «акмак», «өлүп кал», «кафирка», что я завидую этой невесте и прочая […]

Эрнис АСЕК уулу: Дин – «каңк» эттире чокуга тийген куралга айланды

– Адегенде бизде жарыяланган котормо боюнча конкурстагы байгелүү орунга илинген чыгармачылык ийгилигиң менен куттуктайм, досум! Конкурска жөнөткөн эки аңгемеңди тең ийине жеткире иштегениңди калыстар курамы өтө жогору баалады. Мындан ары да ушинтип эле чыгармачылыктагы активдүүлүгүңдү көрсөтүп турсаң экен… —  Олжоке, сага ыракмат, билген кишиге сен тоодой иш кылып жатасың. Чындыгында, коом китеп окубай калган заман. Ошого жан киргизип жатасың да. Котормо боюнча конкурс жарыялаганың да жакшы жышаан болду. Ага демөөрчүнүн табылганын да карабайсыңбы. Мамлекет адабиятты унутуп койгону качан! Котормочулук өзүнчө […]

Дени Дидро – философ-агартуучу

Улуу ойчул жана жазуучу, философ-агартуучу, искусство теориячысы, драматург жана беллетрист, энциклопедиячы Дени Дидронун ысымы адамзаттын эсинде француз кылымы катары калган 18-кылым менен тыгыз байланыштуу. Дени Дидро 1713-ж. 5-октябрда Франциянын Шампань провинциясындагы Лангре шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөнүн улуу баласы болгондуктан, аны мурас катары чиркөө канониги деген орун күтүп турган эле. Ошондуктан атасы 8 жашында Лангре иезуит коллежине берген. 12 жашында Париждеги д’Арктур иезуит коллежине жөнөткөн. Дени диний сабактарга караганда математика, физика, химия, физиологияга көбүрөк шыктуу болгон. Бара-бара диний карьерадан караманча баш […]