Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Ислам аалымдары, куйтуланып, «өлүмүш» болууда (1-маек)

Белгилүү коомдук ишмер, экс-министр, парламенттин мурдагы депутаты жана Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын мурдагы жетекчиси Каныбек Осмоналиев менен учурдагы диний жааттагы темага кенен токтолуп маек курдук… – Каныбек байке, өткөндө оор салмактуу кишидей көрүнгөн Президентибиздин оозунан өтө жеңил, өтө опурталдуу кеп чыгып кетти – мечиттердин санын мектептен жогору койгон. Сооронбай Жээнбековдун ошол сөзүнөн улам ансыз да кызыл жалын болуп турган диний тема илим-билимдүүлөр арасында өрткө дүрт эттирип май куйгандай окуя болуп калды. Ошондон улам коомдогу бул реакцияга тереңден анализ берүү […]

Ислам СОПИЕВ: Мусулман элдерине сөз тийгизүү Чубак Жалиловдун чала молдолугубу же эки жүздүүлүгүбү?

Мындай суроо койгонумдун себеби: коомчулукка өзүн диний ишмер катары таанытып келген Чубак ажы Жалиловдун «Исламда Нооруз – арам. Ким Нооруз «майрамынын» урматына бир жумуртка берсе да ыймандан чыгат, капыр болот», – деген тантырак кебинен улам чыгып отурат. Ошондой эле кимде ким Ноорузду майрамдаса – ыймандан чыгат», – дегени эмне шумдук?! Эмне үчүн мусулман баласы мусулман баласынын ата-бабадан берки ишенимине, каада-салтына акаарат келтирүүгө тийиш? Илгертен Ноорузду майрамдап келген перстердин жана азыркы ирандыктардын эле эмес, өзбек, кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан, түрк, ооган, […]

Кайталагандан келме бузулбайт: Улуу Нооруз боюнча Айтматов не дейт, Чубак не дейт…

Чыңгыз Айтматов: Гунн, түрк, хорезм жазууларын жок кылган соң араб басып алуучулары элдин рухий байлыктарын, маданиятын жана адабиятын, каада-салттарын жок кылып, аларды өздөрүнүн салттары менен алмаштырып, жер аттарын да, адам ысымдарын да арабча коё башташат. Нооруз майрамынын ордуна Курман-айт пайда болот. 28 тыбыштан турган араб жазуусу (биз 1924-жылга чейин колдонгон) бизге дал ушундай болуп келген. Ошондо биз мурдатан жыйган тарыхый аң-сезимибизди жогото баштаганбыз. Эгерде жазуубуз азырга чейин сакталып калса, биз азыр качан, кайсыл кылымда кыргыздар менен казактар бир ата-энеден төрөлүштү экен […]

Улуу Нооруз боюнча Айтматовдун айтканы жана Чубак ажынын айтканы эл таразасында…

Чыңгыз Айтматов: Гунн, түрк, хорезм жазууларын жок кылган соң араб басып алуучулары элдин рухий байлыктарын, маданиятын жана адабиятын, каада-салттарын жок кылып, аларды өздөрүнүн салттары менен алмаштырып, жер аттарын да, адам ысымдарын да арабча коё башташат. Нооруз майрамынын ордуна Курман-айт пайда болот. 28 тыбыштан турган араб жазуусу (биз 1924-жылга чейин колдонгон) бизге дал ушундай болуп келген. Ошондо биз мурдатан жыйган тарыхый аң-сезимибизди жогото баштаганбыз. Эгерде жазуубуз азырга чейин сакталып калса, биз азыр качан, кайсыл кылымда кыргыздар менен казактар бир ата-энеден төрөлүштү экен […]

Молдолор кофеге тыйуу салган заман…

Илгери кофе ичимдигин жакшы көргөн бир адам ”Кудайдын атын айтып, кофе ичкен адам уктабай сергек жүрөт. Арак-шарап ичип, рахатка батууну каалаган адам, мас болуп, Кудайды унутат” деген экен. Кофе азыр Кыргызстанда кыйла эле популярдуу суусундук болуп калды. Эртең менен кофе ичпесе суз тартып, ишке көңүлү чаппаган кофеге “талгак” кыз-жигиттер менен орто курактагы аял-эркектер арбын кездешет. Бир кезде молдолор “акылыңды айнытат” дешип, ал эми тарса диниятчылары мусулмандардын шарабы деп, ичкенге тыюу салган бул ичимдикке акын Кыялбек Кыргыз (Урмамбетов) мына бул ырды […]