Михаил Зощенко: Оорукчандар

АҢГЕМЕ Адам деген бир кызык жандык да. Анын түпкү атасы маймыл экендигинде деле шегим бар. Бул маселени Дарвин чал  жөн эле соктуруп койгон көрүнөт. Адамдардын кылык-жоругу – тим эле, мындайча айтканда, таза эле адамдардыкындай да. Айбандардыкына такыр окшобойт. Эгерде айбандар өздөрүнүн тилинде бири бири менен маектеше алса, жакында эле мен өзүм күбө болдум, мындай талаш-тартыш болмок эмес. Бул окуя ооруканада болду. Амбулатордук кабыл алууда. Менин ички органдарымдын оорусуна байланыштуу жумасына бир жолу барып дарыланып турат элем. Опушкин деген доктордо. Жакшы, […]