Ашым ЖАКЫПБЕКОВ: Тогуз санат 

I. АВАЛЫ ТЕК. (Эл – тегинен, кас – кебинен). Библияда: авалы Сөз, анан Сөз Кудайдын оозунда (пейилинде), анан Кудай болгон делинет. «Сөз» дегени Ой… А бирок Киши болмоюнча Ой кайдан жаралып, кайдан чыкмак?.. Демек, авалы Тек – кишинин Киши болмогу. Антсе да Тек космостук ээндик эмес, анын кош аяктап турар Жери болмогу да ырас. Демек, Киши оюнда авалы Тек менен Жер жаралган… Тегибиз Теңирди ойлоп тапкан. Эми кызыгы: кымызга талыкшыган кыргыз бетегелүү боордо кеңирсип жатып алып («жамбаштап жатсаң сонун да» эмес), көктү […]