Дооронбек Садырбаев: Ат коюу

АҢГЕМЕ Башка убактарда ааламды сел каптаганы менен иши жок үргүлөп отурчу эшик кайтарган эткээл байбиче куду мен өтүп баратканда ойгонуп кетип, киргизбей койсо болобу… — Күнүгө эле келип жүрчү эмес белем, сиз мени тааныйсыз го энекебай! — деп жалбарып ийдим. — Келинчегим ушерде жатат, бир дарегин билип эле кайра чыгам… Байбиче бир оокумга дейре менден жийиркенгенсип «жаман көзү» менен карап турду да, анан оозун кере эстеп алып, эриндерин болор-болбос кыбыратып койду. — Ыя, бирдеке дегендей болдуңузбу? Ал дагы ошентти. Чамасы […]