Дооронбек Садырбаев: Жыргап келдик

АҢГЕМЕ — Эрте келгениң ырас болбодубу,— деди келинчегим, босогодон тосуп чыгып. — Ме, ачкычтарды. Ылдамыраак гаражга барып машинени жүргүзүп кел. — Эмне, Букентай, базарга барабызбы? — деп этияттана сурап койдум. — Базарга эмес, айылга төркүндөрүмө барабыз! — деди Букеш, «эр болсоң бирдеме деп көрчү!» дегенсип жүзүмө тике карап. — Айылга өткөн жумада эле… — Анда таажеңемин табын сураганы барганбыз, бүгүн болсо, Ысагаалы байкемкине барабыз. — Ошондой байкең бар беле? — Анан жок беле? Кызыктай сүйлөй бересиң да! — Мурда укпаганыман […]