Индей эл жомогу: Жөргөмүш менен түлкү

Жөргөмүш бир күнү ээн талаага ууга чыкты. Окчонтоюн окко толтуруп алган. Окту эмнеден жасамак эле ал, чөп-чардан да. Алдынан Түлкүгө кабылды. – Ийе, Түлкү тууганым кандайсың? – деди Жөргөмүш, – Тирлигиң кантип атат? – Кайдагы Түлкү болмок элем, – деди күңкүлдөп тиги, – кечээ Бизонго[1] бир жылдан бери эчтемке жебей ачкамын десем, кээде чөп-чар деле жеп тур деп мени да Бизонго айлантып салды. – Мына де, бир жылдан бери ачка болуп, – жандана түштү Жөргөмүш. – Э айланып кетейин, Түкөш, […]

Жамалбек Ырсалиев: «Генийлер»

“Астра” деген тамекиден бир күндө эки куту чеккен, мектепте тарых сабагынан берген, узун бойлуу арык мугалимибиз бар эле. Мамбетжанов Бекжан аттуу ошол кара тору агайыбыз аябай арык анан узун манжалары менен чертип же мага окшогон чил моюндарды так ошол манжасы менен кежигеден алып, чыйкылдатып муунтуп койчу. Так ошондой өнөрү үчүн “арбак” деп ат коюп алганбыз. Агайдын сабагында чымындын учканы угулуп турар эле. Коркконубуздан эски тарых менен жаңы тарыхты өкүртө окудук. Дарвин “таякенин” “адам маймылдан жаралган” деген теориясын далилдей албай жүрүп, […]