Сергей Козлов: Козу карын

ЖОМОК Асманы ачык, күнү жаркын, дарактарынын алтын түс жалбырактары жаап жаткан токойдогу кадимки күз күндөрүнүн бири болучу. Мамалак менен бала кирпи жалбыракка оонап жыргап ойноп жатышкан. Кеч киргенде эй деген эч ким жок туруп эле мамалак өңгүрөп коё бербеспи. — Эй, сага эмне болду, — деп сурады чочуп кеткен бала кирпи. — Билбейм, ыйлагым келип жатат, — деп жооп берди мамалак. — Сен андан көрө айлананы карачы, кандай кооз… — Көрүп атам, ошон үчүн ыйлап жатам, — деп жооп берди […]