Мусулман санаттары: Кемчилигиңди душмандарың гана көзүңө такап көрсөтөт

СААДИ – (1203 же 1210—1292 ж.ж. аралыгы), перс акыны жана даанышман * * * Адатта, арстанды эшектен жогору коюшат, бирок адамга кол салган арыстандан көрө кулагы узун эшек артык экени кеп кылынбайт. * * * Пайдасыз жан үрөгөн эки адамды билем: бирөөсү байлыкка ээ болуп, бирок жыргалын көрбөйт, бирөөсү турмушка керексиз илимдин артынан түшүп алат. * * * Алсыз душманды тоотпостук – кенедей учкун алоолонгон өрткө айланып кетерин күтпөгөндөй кеп. * * * Эгер акмактар отурган жерге акылман келип, ошол […]