Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Алмакан

АҢГЕМЕ Кеч кирди. Алмакан эрте жатып эс алууну ойлоду, бирок уктай албасын сезди да, төшөнчүсүн салып болгондон кийин сыртка чыкты. Мемиреген коңур жаздын түнкү сүйкүм илеби жортту. Кер өзөндүн оң танабына жайгашкан бул чакан айылдын көчөлөрү зым карагайларга орнотулган Ильич шамынан улам жарык болуп турду. Алмакан короосунан чыгып, үйүнө эч ким келбесин жакшы билсе деле айылды как жарып өткөн чоң көчөнү акмалай берди. Тамдын түбүнө орнотулган узун орундуктун четине көчүк басып, ак балтырларын учкаштыра сунуп койду. Үй түбүндөгү канжыга арыкта […]

Мурзаш АШИРБЕКОВ: Коляска

АҢГЕМЕ Алардын үйүндө бар болгону көрүнүктүү үч буюм бар эле. Булардын экөөсү кара күрөң түстөгү күзгүлүү чоң буфет менен үстүндө проигрыватели бар радиоприемник. Үчүнчүсү – оозгу үйдөгү боосуна мехтен жасалган аюунун кичинекей мамалагы менен упчу тагылган көк түстүү коляска. Күндө эртең менен Салия таза чүпүрөк алат да, ушунчалык көңүл коюп буфет менен радиоприемникти, анан колясканы сүртө баштайт. Ал дайым колясканы сүртөр алдында таң каларлык жылмайып коёт. Бул жылмаюу келечегине ой жүгүртүп, ошого кубануу же тетирисинче, азыр бизге колясканын эмне кереги […]

Самара НАСЫРОВА: Түштүк жергесинин көктөмү жана көркөмү

Мына ушинтип насип буйруп отуз жетинчи жазымдын биринчи күнүн тосуп отурам. Биринчи март, биринчи көктөм, жаздын алгачкы күнү… «Туулган жердин топурагы алтын» демекчи, кай жерде кандай күндө жүрсөм да, берекелүү Түштүгүм ар дайым көңүлүмдө. Айрыкча, Россиянын узакка созулган кышы каардуу. Он эки миллионго чукул калкы бар ызы-чуусу аралаш жашоосу, анан дагы ара күндө жааган жааны жадатканда, Түштүктүн мээ кайнаткан ысык аптабы, март айы баш баккандан баштап, «жер айрылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан» жаздын жыты мурдума уруп, ушул кездеги […]

Айсалкын СООРОНБАЕВА: Чаташкан ойлор

ЭССЕ Сүйүү, сүйүү демекчи, менин да жүрөгүмө жаңыдан сүйүү түнөгөн кез эле. Анан кайдан-жайдан тагдыр жолумда күтүүсүз бурулуш болуп кетип, жүрөгүмдүн ачкычын жоготуп алгамын. Ошол күндөн баштап ачкычы жок жүрөгүмдө аруу сүйүүм катылган боюнча кала берди. Ооба, андан бери биртоп жылдар өттү. Ошентсе да мен үчүн ошол кездеги аруу сүйүүм сыяктуу, ачкыч да күнү-күнкүдөй жылтырап, сынын жоготпой жүргөндөй сезиле берет. Бирок андай болушу мүмкүн эмес го. Мен ушунча эскирдим, жүрөгүмдүн ачкычы да эмдигиче эскирип, дат басып, тиштери саргайып калгандыр. * […]

Назгүл ОСМОНОВА: Сен берген гүлдөр тирилбейт…

* * * Дилдеги сөздү айталбай, Карадың неге тайсалдай? Өткөнүн жылдар карачы, Ирмемдей болуп байкалбай. Эстетип эбак өткөндү, Жылдарга терең чөккөндү Эңсетип кайра башынан, Жадымдан чыкпас көктөмдү. Алдымдан чыксаң жаркырап, Аптыгып, жүрөк тартынат. Сезимдер толкун — ал сенин, Жээгиңе карай тартылат… Ак карда аппак махабат Ырларда баары айтылган, Ырларга сүйүү катылган. Эстетип таттуу күндөрдү Чакырбай жүрчү артымдан. Сен сүйдүң сүрдөп тартынып, Мен сүйдүм сага тартылып. Келгеним сага билдиңби, Кылымдын жүгүн артынып. Сен сүйгөн ошол деңизмин, Ар качан толук, тегизмин. Жаралып […]