АУДИО: Быжыны жана сүйүүнү даңктаган шотланд акыны

Роберт Бернс (25-январь 1759 – 21-июль 1796), Шотландиянын улуу акыны. Акын үчүн жазган ырларын эли унутпай окуп тургандан артык сыймык барбы! Мындай урматка тирүүсүндө Шотландиянын улуу акыны деп таанылган Роберт Бернс ээ болгон. Анын кадимки быжы жөнүндөгү одасы 1802-жылдан бери жыл сайын 25-январда Шотландиянын улуттук майрамында жаңырат. 25-январь — Шотландиянын улуттук майрамы. Бул күнү кечинде шотланддар кадимки кыргыз тамагы быжыны жешет. Алардын быжысы койдун ичеги кардына, өпкө-бооруна, куйрук майына пияз жана талкан кошулуп жасалат. Бул күнү шотланддар улуу акыны Роберт Бернстин […]