Эфиоп эл жомогу: Жолборстун мыймыйы жана улак

Жолборстун мыймыйы менен улак тоо боорунда жолугуп калып, кечке чейин ынтымактуу ойношуптур. Ошентип кеч киргенде алар үй-үйлөрүнө тарайт. – Бүгүн мен эчкинин баласы улак менен аябай жакшы ойнодум. Экөөбүзгө тең абдан сонун болду,- деди мыймый энесине. – Сен кандай гана аңкоосуң. Мунуң менен жолборстун тукуму деген атка татыксыздыгыңды көргөздүң. Сен аны менен ойнобой, тетирисинче, кармап келгениңде баарыбыз жаш улактын жумшак этине тоймок экенбиз. Эртең эртең менен ага барып: “Жүрү, токойго кирип ойнойбуз”- деп алдап бизге ээрчитип кел же ошол эле […]

Эфиоп эл жомогу: Жакшы кеңеш

Бир жолу чычкандар жыйын куруп, “мышыктан кантип сактаныш керек”- деген маселени талкуулашты. – Андан сактанууга мүмкүн эмес. Мышык деген баардыгынан куу жаныбар,- деди бир чычкан. – Ал басканда эч кандай дабыш чыгарбайт, канча тыңшасаң да баары бир эч нерсе уга албайсың,- деди дагы бирөөсү. – Ал эми ал ушунчалык жакшы жашынганды билет дейсиң, канча карасаң дагы баары бир аны көрө албайсың,- деди үчүнчү чычкан. Ошондо бул жердеги чычкандардын эң кичинекейи ортого чыга калып чыйпылдады: – Мен билем, кандай кылышты! Мышыктын […]

Эфиоп эл жомогу: Жети арстан жана бир бука

Жети арстан жана бир бука достошушуптур. Мунун урматына арстандар той берип, ага жаңы досун чакырышыптыр. Арстандар ортого этти тоодой үйүп коюшуп, коногун сыйлап, өздөрү да той шаанисин көркүнө чыгарып, чүйгүн эттен тойгончо жеп отурушту. Бука өмүрүндө эт жеп көрбөсө да, аны көргөндө кузгусу келгени менен досторуна сыр алдырбай эттен жемиш болуп отурду. Ал тойдун акырында үй ээлеринин меймандостугуна алкышын айтып, ачка бойдон кеткенче шашты. Мындан соң жаңы досторун сыйлаш үчүн бука арстандарды конокко чакырды. Жети арстан белгиленген күнү буканыкына келишип, […]

Эфиоп эл жомогу: Акылдуу балапан

Карыган карга өз балапанына акыл айтып атты: – Уулум, адамдардан этиет болгун. Алар коркунучтуу. – А адам деген ким өзү? – Анын тоголок башын кыл баскан, канаттын ордунда арбайган эки колу бар, буттары айры. Ал абдан куу. Эгер адам эңкейсе, демек ал жерден таш алып сени чабат. Мындайда ойлонуп турбай уча качып кутул. – Ата, адам ташты чөнтөгүнө же коюнуна катып алышы мүмкүн. Анын куулуктарын билип болбойт. Ошон үчүн аны көргөндө эле уча качыш керек. Андан жамандыктан башканы күтүп болбойт. […]

Эфиоп эл жомогу: Эшек менен бөрү

Күн аябай ысып, аптап күчөп турган. Аптапка куйкаланып, өлөрчө чаңкап, араң илкиген карышкыр менен эшек сууну карай жанаша басып келатышты. Карышкырдын суусагандан улам акактаган оозунан кургап калган тили салаңдап, анын мээсинде бир гана сууга жетип ичиш тургандыктан ал эшекке көңүл буруп да койгон жок. Эшек дагы аптапта ушунчалык эрип кетчүдөй эзилгендиктен суудан башка эч нерсе эсине келбей, өзүн жеп койчуу жырткычтын жанында баратканын байкаган жок. Ошентип алар илкий басып жүрүп отуруп акыры дарыяга жетишти. Карышкыр болушунча суусунун кандырган соң дароо […]

Эфиоп эл жомогу: Акылман жана келесоо

Өзүн дүйнөдөгү акылмандардын эң акылманы экенин ачык айтып, жарыялап жүргөн бир киши болуптур. Муну дайыма ал кайталай бергенден улам башкалар да буга ишенип, анын акылман экенин айтчу болуптур. Анан дагы бир ушул чөлкөмдө бул дүйнөдөгү эң келесоо адам экенин бүт эл айтып бышыктаган бирөө болуптур. Ал элдин баары айткан соң өзүнүн келесоолугуна өзү ишенип, ага арданчу да эмес экен. Бир күнү келесоо алиги акылманга келип: — Курдаш, — дейт — сенин мага кеңешиң керек. Бирок бул маселеде сендей акылы мол […]

Эфиоп эл жомогу: Аңкоо катын жөнүндө

Тоону кыялаган жолдо бир аял келатыптыр. Орто жолго жеткенде ал койчуга жолугуп калат. Койчу аны аяп мындай дейт: – Отуруп эс ал, алыстан келатасың. Муну укканда аял таңгала түшүп сурады: – А сен менин каяктан келатканымды билесиңби? Аялдын аңкоо экенин аңдай калган койчу: – Билем, ылдый жактан келатасың,- деди ишенимдүү түрдө. Бул жоопко ого бетер таңгалган аял кайра сурады: – Туура, ылдый жактан келатам. Аны сен кайдан билдиң? Аялдын мындай аңкоолугуна койчу аябай таңгалып, бир эсе күлкүсү келип, дагы да […]

Эфиоп эл жомогу: Акылсыз кечил

Тоонун кыя жолунда бир кечил келатыптыр. Тоо бийик, кыя жол тик жана чукул бурулуштуу, кечил болсо семиз экен. Кыйналган кечил бир кезде Кудайдан ырайым күтүп суранып тургандагысы: – Оо кудурет, мен сага көп жылдардан бери кызмат кылып келем. Сен дагы мага кызмат кылып: кандайдыр бир унаа жиберип, ушул бийик тоодон мени алып өтчү. Ушинтип сыйынган кечил жол боюндагы ташка отуруп Кудайдын жардамын күтө баштайт. Ушул учурда жаңы тууган бээсин жетелеп, кулунун колуна көтөргөн малчы төмөн жактан көрүнүп, бат эле кечилдин […]

Эфиоп эл жомогу: Үч аңкоо

Үч аңкоо киши жашаптыр. Бир жолу алар эгин чабыкка барышат. Түн киргенде үч аңкоо каптарга самандан толтуруп, алардын үстүнө өздөрү жатып, кайра саман менен үстүлөрүнөн жамынып алышат. “Эгер түндө эгинге ууру келсе, биз аны көрөбүз, ал бизди көрбөйт. Биз аны таанып калабыз да, полицайга билдиребиз”,- деп ойлошту. Чын эле ошол түнү эгинге ууру келип, эки жакты карап, кароолчу көрүнбөгөндө ишине киришип, баягы келесоолор саманга көмүлүп жаткан үймөккө келип, каптардагы саманды көрүп, даяр буудай экен деп сүйүнөт, бирок текшерип көрмөкчү болуп, […]

Эфиоп эл жомогу: Бай менен өлүм

Бир бай өлүмдөн аябай коркчу экен. Андыктан ал: “Сен мага келериңде  эскертип кой, мен даярданып алайын” деп өлүмдөн суранат, буга ажал макул болуп, экөө бул боюнча келишим түзөт. Ошондон соң бай өлүмдөн коркпой: “Алдын ала ажал өзү эскертип койо тургандан кийин коркуп эмне? Ал мага “даярдан” деп эскерткенде гана бүт күнөөлөрүмдү жууп, Кудайга тобо келтирип, одүйнөгө даярдана баштайм”,- деп беймарал жашай баштап, анын бир гана “дагы да кантип байыш керек?”- деген санаасы калып, арам да, адал да жолдор менен акча […]