Сагын АКМАТБЕКОВА: Поездде

АҢГЕМЕ -…Жаш кезимде жол жүргөндү абдан жакшы көрчү элем, айрыкча ушинтип поездде баратканды… — Азыр деле жаш экенсиз. — Түн ичинде жол жүргөндү жакшы көрчүмүн. Уктабай. Эч ким менен сүйлөшпөй. Өзүм менен өзүм болуп… — Дагы токтодук. Жүргөнүбүздөн токтогонубуз көп болду. — Кайсы станция болду экен? — Ким билет. Станция эмес эле талаада турат окшойбуз. Терезеге үңүлүп карашты. Чын эле ээн талаа экен. — Айнекти ачайынчы. Ачты. Жел менен кошо жаңы чабылган чөптүн жыты бур деп кирип келди. — Бала […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Парз

АҢГЕМЕ Күн тоо артына жашынып, саратандын ысыгы аз да болсо табын тарткан маалда айылдын батыш тарабындагы көрүстөнгө эки аял шашып жөнөдү. Жол ката бет маңдайынан чыга калган эч ким менен сүйлөшпөй, бирөө жарымга көрүнгөндөн да корунуп, жоолуктарын көзүнө түшүрө ылдый байлап, башын эңкейте жерди карап баскан алардын бул түрү өтө купуя, бирок олуттуу бир ишти  моюнуна илгендей таасир калтырат. Жашыраагынын колунда суу толтуруп көтөрүп алган абдестеси бар. Кечке чакчая тийген күн акырын жылып отуруп ушул көрүстөндүү тоого жашынып барып батат. […]