Алым ТОКТОМУШЕВ: Мидин

Кээде келесоодой ойлор келет: Мидин качан Мидин атыгып, атпай кыргыз журтунун кан-жанына кантип сиңип кеткен? Айрым учурда Мидин деген ысым кыргыз кыргыз болгондон бери эле бар сыяктуу туюлат. Кудум Жээренчечен, Асанкайгы, Акылкарачач дегендей… Ойлоп көрөлү: минтип ойдогудай жазуу-сызуубуз болбосо, адаттагыдай адабиятыбыз гезит болуп тарап, китеп болуп басылып чыкпаса, же алакандын отундай жерге топтошкон үркөрдөй кыргыз калкы болбосо, Мидин качан жашап, калк оозунда качан, кантип ылакап катары калганын боолголош чындыгында эле кыйын болмок. Тилекке жараша, «Авроранын» залпына аралаш туулган баланын» аты-жөнү […]

Ысык-Ата курортунун баяны

Ар бир жердин аталып калышы керемет окуяларга байланыштуу тура. Ошол сымал Ысык-Ата курортунун да ушундай аталып калышы бекеринен эместиги малым. Улуулардын айтканына караганда, бул жерге көбүнчө мергенчилер келип, анын сырын да адегенде мергенчилер баамдаса керек. Анткени тоолору караган-шактуу, өзөнү суулуу, аскалары адам жеткис бийик болгондуктан улам тоо кийиктери, ал тургай, аркар-кулжалар да мекендесе керек убагында. Айтымда, бир мергенчи жаш баласын өзү менен кошо мергенчиликке ала келген имиш. Баласына кийик көрсөтмөкпү, жер көрсөтмөкпү, же ал атасына тамак жасап бермекпи, айтор, ушул […]

Чоор жөнүндө уламыш

Илгери-илгери тоолордун койнунда бир жигит кой кайтарып жүргөн экен. Койлорун жайып коюп, эс алып олтуруп куш ушку салат. Уйку-сонун ортосунда магдырап, тоонун жумшак жели бетин сылап жатса, кайдан-жайдан сыбызгыган жумшак үн кулагына угулат. Ал үн эмненин добушу экенин туя албай магдырап кулагын салат. Анан ордунан туруп, койчу жигит баягы добуш чыккан тарапка басат. Жай өтүп, чөп бышып, күз жакындап калган кез экен. Куурайлардын мал жегенинен калган сабактарынан башка адырдын тулаңы желге ойнойт. Бу адырда андан башка эч нерсе деле байкалбайт. […]

Макмал тоосу жана Ор-Казган тууралуу уламыш

Тогуз-Тородогу алтын кени казылган Макмал тоосун ким гана билбейт. Мына ошол тоо тууралуу элде мындай окуя айтылат. Калмактар кыргыз жерин басып жаткан доор экен. Ошол кезде калмактын Дорбу деген байынын жер жайнаган жылкысын баккан бир кыргыз жигити болот. Ал жигит сымбаттуу жана акылдуу жигит экен. Аны көргөн калмак байынын кызы Макмал жактырып калыптыр. Байдын кызы Макмал да абдан сулуу экен да. Ойлогон оюнан кайтпаган кыз ак сезимин кызматкы кыздары аркылуу жигитке жеткизет. Жигит да кызды бир көрүп жактырып, алоологон сүйүү […]

Абхаздар өлүмдү кантип билишкен

Котормочудан Байыртан өз жазуу маданияты жок элдерде элдик оозеки чыгармачылык алардын табигый көрүнүштөргө жана түрдүү окуяларга болгон мамилесин, жашоо мүдөөсүн, ой-тилегин чагылдырган. Адабий тил менен айтканда, фольклорду улам кийинки муун өз тажрыйбасы менен байыткан, андан таалим-тарбия алган. Ошон үчүн фольклор- мифологиялык элементтер менен сугарылса да, кайсы бир деңгээлде тарыхый чындыкты камтыгандыктан, андан тарыхый окуяларга байланыштуу айрым бир маалыматтарды табуу мүмкүн. Бирок да элдик оозеки чыгармачылыктын маанисин ашыкча көкөлөтпөстөн, изилдөөнүн же окуянын кошумча булагы катары караган жөндүү. Буга бир мисал — […]

Жомок: Улан менен Санташ

Илгери өткөн заманда аскасы асман тиреген тоо арасындагы бир кичинекей айылда ай десе аркы, күн десе көркү жок Канышай аттуу сулуу кыз жашаган экен. Ал сулуу гана эмес акылы тунук, ата-энесине жароокер, жан-жаныбарларга боорукер жан болуптур. Көргөн адамдын көз жоосун алып Канышай солкулдап бойго жеткенде ага Жети-Өгүздүн сыртындагы Санташ менен Боом капчыгайынын этегинде жашаган Улан аттуу эки жигит ашык болуп калат. Алар Канышайга жагуунун аракетин кыла башташат. Жаа тартышса да, балбан күрөшкө түшүшсө да, эңишсе да алар эч кимден жеңилбейт. […]

Баатыр-Байкөл

Бурят элинин уламышы Илгери-илгери өткөн заманда алп Байкөл деңизи ак көңүл, шайыр болгон экен. Ал Ангара деген жападан-жалгыз кызын аябай жакшы көрчү. Бул дүйнөдө андан сулуу кыз жоктой сезилчү. Күндүзү тунуктугу – асмандан да тунук, түндөсү – кара булуттан да карарып турчу. Кимде-ким Ангаранын жанынан өтпөсүн, аны сүйүп калчу да атагын ааламга чыгарып ашык болгонун даңазалашаар эле. Асман жиреп учуп бараткан канаттуулар: ак куу, каркыра, моюн созгон каздар Ангаранын сулуулугуна тамшанышып, суу үстүнөн учуп өтүшчү, бирок ага чанда гана конуша […]