Элдияр Жалилов: Алладан башка төрт кудай

Табышмактуу тагдырга баш ийип жашаган пенде жашоодо ар кандай сыноолорго туш болот. Турмуш  өзүнүн өйдө-ылдыйы, ысык-суугу менен пендени тарбиялап келет. Жашоодо бир нерсеге жеттем десең дароо эле башка муктаждыктар чыга баштайт. Нан тапсаң май жок, май тапсаң нан жок болгон бир кем дүйнөдө адам баласы чексиз нерселерди каалап жашайт эмеспи.  Ошондуктан пенденин каалоосу жана муктаждыктары таптакыр бүтпөйт. Каалоолорунун артынан жүрүп отуруп (адашууга, туура жолун жоготууга ийкемдүү жаратылган пенде) өзү тойсо да көзү тойбой, бул жалган дүйнөдөн кош айтышат. Адам баласы […]

Элдияр ЖАЛИЛОВ: Исламдагы диний агымдардын таралышы

Кыргызстан эгемендик алгандан тарта өлкө ишеним эркиндигине кулач ачып, жарандарга өз эркине жараша динге ишенүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ошол күндөн баштап умтулган кыргыз жаштары өз мекенинде жана чет мамлекеттерде диний билим алышууда. Бирок алар кандай билим алууда? Кайсы мазхаптын таалим-тарбиясын көрүүдө? Суннит мектебининби же шиит мектебининби? Эгер сунниттик негизде болсо, ашъарий жана матуридийлик негиздеби?  Же өз окуусун «салафи салихилердин ишенимине негиздедик» деп көкүрөк каккан ваххабийлердин салафилеринен билим алып жатабы? Муну коомчулук жакшы билбейт. Исламий окуу жайда окуп жатса эле, мусулманчылыктын маани-маңызы […]