Ооба, бул менин окурмандарга ымандай сырым. Анан не кыл дейсиң, окурман? «РухЭш» сайты туруктуу окурмандарын тапканы менен туруктуу финансылык булак тапканы жок. Таппаса да өжөрлөндүк. Дагы да өжөрлөнө берербиз… Бирин-экин окурмандарыбыз жана авторлорубуздун колдоосу менен кыбырап келдик буга дейре. Муратыбыз – электрондук адабият менен эле чектелбей аудио, видео түрүндө да элибизге рухий азык берер көөнөргүс мурастарды жеткирсек дедик эле; келечек муун өз эне тилинде ою жетик, тили жатык тарбия-таалим алсын үчүн балдар адабиятын кеңири жайылтсак дейбиз; дегеле жалпы илим-билим, маданият, […]