Элмурат Кочкор уулу: Исламдын рухуна туура келбеген аң-сезим…

Адатта «…сенин оюңдун кереги жок…», «…шариятта кандай жазылса, ошондой болот, cенин оюң бир тыйын…», «Алла баарын билип, качан эле эрежелерин так жазып койгон, сен экөөбүздүн акылыбызга Кудай муктаж эмес…», «…акылды да тизгиндеш керек…», «…чектелүү акылың менен оюңду айта бербе. Күнөөгө батасың…» деген сыяктуу пикирлерди көрүп калам. Мындай кекеткен эскертүүлөр айрым окурмандардын диний усул тууралуу толук маалыматка ээ эмес экендигин, экинчиден, диний түшүнүктөрүбүз оор чабуулдарга кабылганынан кабар берет. Азирети пайгамбар дүйнөдөн кайткандан бери кылымдар өттү. Бүгүн диний (исламдык) мааниде ондогон, балким […]