Ахадова Фатима: “Эрте келген турналар” таасири

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Адам баласы бул төрт күндүк өмүрдө төрөлөт, жашайт, өлөт… А бирок ошол бир гана чымчым туздай болгон өмүрүн кантип өткөрдү? Сөздүн баары ушул жерге келип такалат. Чындыгында бул жашоодо баарыбызга Алла Таала тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөр берилет тура. Мына ошол мүмкүнчүлүктөрдү өз убагында кармап, туура жолдо пайдалана алуу ар бир адамдын өзүнүн колунда экендигине ынанып отурам. Себеби, замандын оош-кыйыш мезгилине карабай, кыргыз элинин сыймыгы болгон улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов не деген укмуш чыгармаларды жаратпады. Жазуучубуздун чыгармаларын окуган […]