Ɵмер Сейфеттин: Күлгүн бермет менен кооздолгон чапан (конкурска №6)

АҢГЕМЕ Төбөсү бийик, салкын жыйын ɵтчү бөлмөнүн ичи күндɵгүгɵ караганда бүгүн жымжырт, кɵлɵкɵлүү да болуп турду.  Терезелеринен көк, сыя, кызгылт өң болуп кубулуп  түшкɵн жаздын нуру дубалдагы сүрөттөргө тийип, жашыл түс болуп чагылып, коюлашып кетет. Жибектен жасалган төшөктөргө тизе бүгүп отурган чарчаңкы вазирлер жерге төшөлгөн килемдин түстүү кооз оюларын тиктеп отурушат, узун ак сакалын арык колдору менен сылап отурган кары садразамдын[1] оту ɵчкɵн кɵздɵрү  бир жамандыкты ойлоп жаткандай, узакты, белгисиз бир жактарды тиктейт. – Пашалар[2], бизге эр жүрөк адам керек, […]