Максим ГОРЬКИЙ: Эрмек үчүн

АҢГЕМЕ …Коюу, боз түтүнүн буркуратып, жүргүнчүлөр поезди ыраакы талаадан, деңиздей көйкөлтүп саргарган эгиндин арасынан, килейген ажыдаарча сойлоп, көрүнбөй калат. Жапжалгыздыгы менен адамдын ичин бышырган кичинекей темир жол станциясы бар ээн, кең талаанын көңүл кош жымжырттыгын бир нече минутага бузуп, поезддин шарактаганы ымшыгын ысык абада анын түтүнү менен кошо жок болуп кетет. Поезддин күрүлдөгөн, бирок тиричиликке байланыштуу табышы тарап, чайыттай ачык асмандын астында тынып калганда, станциянын айланасы кайта дагы жымжырт болуп, адамды бук кылат. Талаа – алтындай сары, асман – көпкөк. […]