Котормо боюнча конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү Эрмек Шоруков болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен үчүнчү байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Фёдор Достоевскийдин “Кызык адам түш көргөндө” аттуу аңгемесин орусчадан которгондугу үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. КЫЗЫК АДАМ ТҮШ КӨРГӨНДӨ АҢГЕМЕ I Мен кызыктай кишимин. Эми алар мени жинди аташчу болду. Аларга мурдагыдай кызык бойдон кала бербесем, мурдумдун үстүнөн караган болор элем. Азыр ага терикпейм деле, […]