Жанара Каденова: Айтматов жана дүйнөлүк алп жазуучулар

“Сени тааныгандар жашап жатканда, сен тирүүсүң”. Бул сөздөр заманыбыздын залкары, гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматовго таандык. Жазуучунун көзү өтсө да, анын чыгармалары дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, адабият сүйүүчүлөрүнө руханий азык, руханий дөөлөт тартуулап, жалпы окурмандардын жүрөгүнө руханий пайдубал болуп келет. Адабият алпы көзү тирүү болгондо ушул тапта 90 жашка чыкмак. Ушундан улам анын дүйнөлүк адабият айдыңындагы тилектеш калемдештери менен алакасы туурасында баяндап бермекчибиз… Үмүт менен кайгы, сүйүү менен кусалык, сагыныч менен күтүү… Мына ушул руханий баалуулуктар адамдын адам болуп калыптанышында эбегейсиз […]

Эрнест Хэмингуэй: Каармандык (конкурска №8)

АҢГЕМЕ Франциянын кол салышынан бир күн мурун ѳзгѳчѳ кооптуу иштер үчүн тандалган адамдардын бирин — Жеймс Грантты Нормандияга аэроплан менен таштап кетишти. Ал жерге жеткенде, туура эмес жерге туш болуп калганын тез эле аңдады, анткени ал эки жагын каранганда, ага алдын ала сүрѳттѳлгѳндѳй ферма үйлѳр, жол, токойдун бирин да кѳрѳ алган жок. Солдаттардын бирѳѳ да кѳрүнбѳйт. Ар кайсы тайпадагы кишилерди чогултуу үчүн ал полициянын ышкырыгы менен ышкыра баштады. Ышкырыкка жооп болгон жок. Ал тыңшап турду. Бир аз убакыт ѳттү. Ал […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Жамгырда калган мышык

АҢГЕМЕ Мейманканада эки гана америкалык, эрди-катын жашап жатышкан. Алар тепкич менен өз бөлмөлөрүнө көтөлүлүп баратканда, алдыларынан жолуккан адамдардын бири да тааныш эмес эле. Алардын бөлмөсү экинчи кабатта жайгашып, терезесинен деңиз, коомдук бакча жана андагы согушта курман болгондорго арнап коюлган эстелик көрүнүп турчу. Бакчада бийик өскөн пальмалар жана жашыл отургучтар бар эле. Күн ачык күндөрү анда мольбертин астына жайган кайсы бир сүрөтчүнүн отурганын көрсө болор эле. Сүрөтчүлөр пальмаларды, терезелери деңизди жана бакчаны караган мейманканалардын маңкайган көрүнүштөрүн жактырышчу. Италиялыктар алыстан согуш курмандыктарына […]

Эрнест Хемингуэйдин чыгармачылыгы жөнүндө

Э.Хемингуэй өмүрүнүн акыркы жылдарда өнөрканасы, чыгармачылык чеберчилиги тууралуу бир кыйла маектерди жарыялаган. Бул макала Франциянын «Ар» жумалыгынын суроолоруна берген жоопторунун (март-апрель, 1958, июль, 1959) негизинде даярдалды. Алым Токтомушевдин архивинен Романдарымды же аңгемелеримди таң азандан баштап жазганды жактырам. Бул маалда эч ким жолтоо болбойт, күн салкын, атүгүл суук, иш кызыганда кандай ысыганыңды да билбей кетесиң. Мурда жазылгандарды кайталап окуйм, андан ары эмне болорун негизинен билем, токтогон жерден улантам. Эртеси отурар замат окуя оңутуна аралашып кетүү үчүн жазып атканымды эргүү жаналекте токтотом. […]