Эрнис АСЕК уулу: Кансыраган жүрөктөн тамчылаган сырлардай

Алыстан, алыстан добуш угулат… «Поэзия ырларда гана эмес: ал бардык жерде, айлана-чөйрөбүздө бар. Мобул бак-дарактарды, асманды карагылачы – туш-тараптан сулуулуктун, кооздуктун, өмүрдүн илеби урат, ал эми кооздук, сулуулук, өмүр бар жерде – поэзия бар” деп орус классиги Иван Тургенев орус кайыңдарын кармалайт… Мезгил мага телефон чалып, “кеңеше турган кеп бар эле” дегенинен улам жолугуп калдык. Коюн-колтук алышкан достугубуз жок болсо да, көп жылдан бери келаткан сый мамилени утурлай баарлашып калдык. “Китеп чыгарайын дегем, ырларымды карап, редактор, корректор – каталарга директор […]

Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (VI жана VII главалары)

I глава  II глава  III глава IV жана V глава Зордук-зомбулук. Актануу жана талкуулоо. Бар нерсе гана идеал. Коркунуч, ырахат, азап чегүү, ой жана зомбулук бири-бири менен тыгыз байланышта. Көпчүлүгүбүз зордук-зомбулук кылгандан, бирөөнү жаман көргөндөн, кайсыл бир улутту же адамдар тобун жек көргөндөн, башкалар менен болгон касташуудан ырахат, канааттануу алабыз. Бирок акылда зомбулукка басым жасоо жок болгондо, кубаныч келип чыгат, ал кубанычта зомбулуктан ырахат алуу, анын карама-каршылыгы, жек көрүүсү, коркунучу менен бириктирген жалпы эч нерсеси болбойт. Биз зордук-зомбулуктун тамырына чейин […]

Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы?

ШАМЧЫРАК Адам баласы бул дүйнөгө эмнеге жаралган? Жашоонун маңызы эмнеде? Дүйнө кайдан келип, кайда баратат? Кудай ким? Сен ким? Аалам эмне? Акыйкат эмне? Абийир эмне? Түшүнгөнүң эмне? Издегениң эмне? Далай акылмандын тишин сындырган суроолор. Чыгышта бул суроолорго жооп берген дүйнөтааным, адамтааным окуулары бар. Ал окуулардын көрүнүктүү өкүлдөрү: Вивекананда, Аурибиндо, Рамакришна, Кришнамурти, Ошо ж.б. Алардын бири Жидду Кришнамуртинин адамтаануу окуусуна келгени кызык… Кришнамурти 1895-жылы 12-майда туулуп, 1986-жылы 17-февралда 91 жашында каза болгон. Ата-энеси кедейчиликтин азабын тартып, 11 баланы багуу үчүн көрбөгөн […]

Эрнис досубуз ойчулдардын ордосунда

Дүйнө – жиндиканабы? Өтө эле көп убакыт өттү. Текчеде кыдыракей тизилген ойчулдар менен кеп урушпаганыма далай жылдар агып кетти. Сыртта жүрсөм, чакырып калышты. Баш баксам, баланчасы баш болуп, төлөнчөсү төш болуп, ар нерседен кеп козгоп, ар ким өзүнүкүн бербей жаткан экен. Ортого собол таштадым да, аңгеме-дүкөнгө аралашып кеттим… Эрнис Аске уулу: Силер Акыйкатка жеткенсиңерби?  Иоганн Гете: — Жакшы суроо. Мен башкалардын да жообун уккум келет. Акыйкатты тапканча, кетирген катаңды табыш оңой. Фридрих Ницше: — Ката демекчи, аялды жаратканы — кудайдын […]

Эрнис АСЕК уулу «айла жок, айла жок» дейт

Окурмандардын табити өзгөрдү. Өзгөчө жаштардыкы. Жеңил-желпи нерселерге качыра баштады. Массалык маданият деген жүрөктүн үшүн алат. Эч нерсе дей албайсың. Колго калем тиет. Айла жок… Верлен, Малларме, Рембо «Каргыш тийген акындар» деп үчөө жөнүндө Верлен жазган. Жазгандары да, сүйлөгөндөрү да, жашоолору да союп каптагандай окшош. Улуусу Поль Верлен болгон. Артур Рембого акыл үйрөтчү. Эс тартканы соолуккан жок. Алгач сүйүүгө мас болду. Жалындап ыр жазды. Андан соң жинди суунун түбүнө түшүп, Европаны түрө кыдырды. Жаш досу Рембо менен уруша кетип, ок чыгарып, […]