Эсенбай Нурушев: Жаңы ойломдун оролу

“Акындардын арзуусу: эростон эсхатологияга” аттуу адабий-философиялык эсслерден үзүндү. Азыркы замандын жанараакта айтылган шумурай шумдуктарын укканда барбы, астапыр алдалап жакаңды кармап, анан бу турмушта акындар бар экенин эстей калып, ошого шүгүрчүлүк келтирип, тобо деп кетесиң. Сүйүүнү ошолор даңктап ырдап, ошонусу менен адамзатка өз насилин эскертип, эсине келтирип дегендей, аны сезим-туюм дегенден таптакыр тукулжурап калган робот-машинеге айланып кетүүдөн сактап, жалган деп аталган бу жарыкчылыктын асылдыгы менен сулуулугун, бүткүл кереметин жанарын жайната алдыга жайып, ажайып кылып көрсөтүп турат. Дегеле поэзия дегендин өзү, Дантенин […]

Эсенбай Нурушев: Жамийла жана Лилит

“Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос” аттуу адабий-философиялык этюддардан Адабиятчы Виктор Левченко бир ирет жазуучу менен маектешип жатып, мамындай бир собол койгон эле: “Жамийла менен Даниярдын айылдан кетиши Адам ата менен Ава эненин бейиштен куулушун эске салат. Бул ой сизге кайдан келди болду экен? Балким, кайсы бир чыгарма менен таанышкандан улам пайда болгондур? Же мен муну сизге жөн   эле окурмандык туюмум менен таңуулап жатамынбы?” “Сиздин бул ойуңуз мага кызыктуу сезилип жатат, -деп жооп берген жазуучу буга. – Христиан мифологиясын билүү, мүмкүн, […]

Эсенбай НУРУШЕВ: «Айтматология: Жамийла жана улуттук эрос»

АТТУУ АДАБИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭТЮДДАРДАН ҮЗҮНДҮ ЭЛДИК ЭЙДОС ЖАНА «БУЗУКУ» ИШТЕР Өйдөдө айтканыбыздай, алтымышынчы жылдардын башталышындагы адабият эңгезерлери, айрыкча алардын «корифейлер» катмары бул чыгарманы «улутту шылдың кылган, кордогон» факты катары кабыл алышкан. Алардын бири повестке, атап айтканда, мамындай баа берген экен: «Жамийла менен Данияр адамдын жакшыларын таап сүйгөндү билбеген… эгоисттер. Сараң сараңды сактагандай, эгоист эгоистти гана мактап сүйөт. Алар учуру келгенде коомдон безип кете беришет. Эмне үчүн Жамийла менен Данияр башка тарапка качып кетет? Дал ушунун өзү натуура – ушак. Акырында «жаным, […]

Эсенбай НУРУШЕВ: Кудай жана аң-сезим

«Айтматология: Жазуучунун көркөм герменевтикасы» аттуу адабий-философиялык этюддардан бир үзүм «Кыяматта» Авдий менен анын оппоненттери — Городецкий, Координатор-Ата  – ортосундагы талаш-тартыштын өзөгүн да Кудай жана адамдын акылы, аң-сезими жөнүндөгү маселе түзөт. Авдий үчүн «адамдын аң-сезиминен тышкары Кудай жок», ал эми беркилер «Кудай адамдын ой-толгоолорунан жаралбайт», «ой-кыялды Кудайдын кудурети жараткан» деген айныбас ишенимде турушат. Илимде бу талашка башкача түшүндүрмө берген бир гипотеза бар, ал «Бикамералык аң-сезим»деп аталат.  Анын автору америкалык психолог Жулиан Жейнс 1976-жылы чыккан китебинде байыркы артефакттарды жана тексттерди, алардын ичинде […]

Эсенбай НУРУШЕВ: Безымянное преступление

Так называл геноцид Уинстон Черчилль еще до того, как был изобретен и введен в общественный дискурс этот термин. Но после Второй мировой войны слово получило международный правовой статус и стало определять тягчайшее преступление против человечества. Но что такое геноцид? На кыргызский язык термин перевели по следующей схеме: греческое слово genos – тукум (род) и латинское caedo – убивать. Получилось «тукум курут». И почти все, кажется, безоговорочно приняли и признали эту находку как точный и чуть ли не «научный» перевод термина […]

Айтматология: Башат ачуу

Чыңгыз Айтматов  бу жазмышта жаза тайып кыргыздын энчисине бир жаралып калган гений эле. Ал азыркы эле кыргызды, XXI кылымдын башталышында деле көп жагынан көчмөндүк көрөңгөсүнөн арыла элек, рационалдык ойдун деңгээлине али чыга элек, акыл-эске караганда дале болсо илме кайып иштерге көп ишенген ушул эле биздин кыргызды  дүйнөлүк эстетиканын, дүйнөлүк философиянын айлампасына салды. Андан биздин кыргыз кандай тейде чыкты, кандай оройдо көрүндү, башкаларга коошо алдыбы же коомайланып бөлүнүп калдыбы, көңкү адамзаттын көркөм ой жорумундагы анын орду кандай болду? Буга окшогон соболдор, […]

Эсенбай НУРУШЕВ: Туюк сүйүү (автор тарабынан оңдолгон варианты)

(Өзүм үчүн жазылган лирикалык аңгеме) Маркум Салижан Жигитовдун арбайына. Жарылган бомбадай болуп жаман кабар кечке жуук жатаканага дүңк дей түштү: кокустук болгонбу, ким бирөө түртүп ийгенби, айтор, жогорку курстагы бир жигит үстүңкү кабаттан кулап кетиптир. Таштак жерге төбөсү менен тийген экен, мээси чачырап, ошо жерде мүрт кетиптир дешти бирөөлөр. Жо-ок, антпей эле аман калыптыр, болгону омурткасы сыныптыр, байкуш эми алты-жети айсыз адам боло албайт ко дешти башкалары. Бу жаңылыкты биздин жигит эң акырында укту. Китепканадан келсе бөлмөлөш балдар ушул окуяны […]