Түгөлбай КАЗАКОВ: «Баары бүтүп, эми катын алганыңар эле калган турбайбы»

* * * Бульдозерди биринчи көргөндө аябай таң калгам. Жанына барып, аңкайып түшкө чейин карап турдум. Укмуш! Күрөң бука менен Карала сүзүшкөндө жөн эле оозубузду ачып жүрүппүз. Казандай таштарды каңтарыбатпайбы! Бир күнү бузулуп калды. Айдаган орус түш оогончо бирдемелерди чукулап отурду. Бир кезде кичинекей эле темирди алдына коюп, калдайган тракторду көтөргөндө… ушул орус сыйкырчы экен деп ойлодум. Анан эле оюма дөңгөч түштү. Алдуу-күчтүү эркектер тоого чыгып арчанын дөңгөчүн оодарып, төмөн көздөй кулатып, анан ат менен сүйрөтүп алышчу. Бизде антер киши […]

«Эр жигиттин кошомат кылганча өлгөнү артык»

* * * Апам экөөбүз бир жактан келатканбыз. Мен «жакшы болоюн» деп калгам. Бир кезде апам чочуп кетти: – Э, кудай! Тиги эмне балекет?! Карасам биздин боз үйдүн үстүнөн уюлгуп коюу кара түтүн чыгып жатыптыр. Апам чуркады. Артынан мен жөнөдүм талтактап. Аз өтпөй эле үйдүн үстүнөн жалын чыкты. Апам отура калды. Мен селейип эле туруп калдым. Биздин көз алдыбызда боз үй урап түштү. Болгон дүнүйө-оокатыбыздын баары ушул үйдө болчу. Колго алар буюм тургай, жумушчулар аш ичкен табактар да бырбыйып эрип […]

Алтын балалык: Түгөлбай Казаковдун «Эсимде» китебинен

Кеп башы Балалыгым Таластын баш жагындагы Көпүрө-Базар деген айылда өттү. Абасы да, суусу да таптаза. Бизден өйдө кийиктер эле жашайт. Тоолор бийик, жылдыздар жакын. Жылдын жарымы кыш. Ал кезде кар калың түшүп, кыш узак болор эле. Кыш чилдесинде, январдын алгачкы түнү кыштоодо, боз үйдө төрөлүпмүн. Жылым – Коён, жылдызым – Текечер, дарагым – Пихта. * * * … Чоң калай кашыктагы өлгүдөй ачуу сары дары жана мени киринткени жаткан тегерек темир чылапчын. Бул өмүрдөгү эскерүүм ушул эки нерседен башталат. * […]

Түгөлбай Казаковдун алтын балалыгы кандай өткөн?

ЭССЕ * * * …Тагдыр эки адамды кошпойм десе жөөлөшүп турган жеринен адаштырат да, жолуктурам десе жердин түбүнөн айдап келип көрүштүрөт тура… Мен Таласка баратканда дайыма Меркеге токтоп өтөт элем. Аерде таанышым деле жок. Калаанын көрө турган деле эчтемеси жок. Токтогондо кыйратып кылар ишим да жок. Эстекем ырдагандай, кетейин десем кетким келбей, кандайдыр бир күч мени жибербей, бирде жок издегенсип эл аралап, бирде бирөөнү күткөнсүп чай ичип отурчумун. Бир ирет жөнөй берерде бир карыя: «Карагым, Жамбылга чейин ала кетсең кантет?» […]