Умут АСАНОВА: Гимн жизни

(Размышления об одной картине) Шукшин однажды заметил: «Человек – это нечаянная, мучительная, прекрасная попытка Природы познать самое себя….». А что же он сказал бы о Художнике? Наверняка бы прибавил: «О, это вдвойне адская, вдвойне мучительная, вдвойне прекрасная попытка…» И одну из таких прекрасных, но, несомненно, в муках рожденных озарений – попыток я с потрясением открыла для себя в картине киргизского художника Жоомарта Кадыралиева «Эсимде», ныне экспонирующейся в музее изобразительных искусств столицы республики. До слез щемящая сердце и вызывающая бесконечную тоску […]

Ризван ИСМАИЛОВА: Коктудагы сары айвандар

АҢГЕМЕ Коктуга конгон айыл тоону көздөй чукулунан өрдөп кетет. Бир жак өйүзүндө береги үйлөрдөн кыйла обочорок тектирде үстү камыш менен жабылган тамда жашаган аялдын бир эркек баласы менен бой тартып келаткан кызынан башка эч кимиси жок. Тоту курган кантсин, өмүрү же эрден, же тиричилигинен жалчыбады. Өзү жетим кыз, алысыраак туугандарынын колунда түртүндү болуп жүргөндө Чойбек деген чабан аяпбы же чындап көңүлү түшүппү, токолдукка алып, барып-келип жашап жүрүп никесине алган дешет. Чойбектин ажаан аялы токолду эч нерсесине эгедер кылбады. Элден уялганынан […]

Бир сүрөттүн тарыхы

(Сүрөтчү Жоомарт Кыдыралиевдин бейнесине сүртүмдөр) «Чекишип – бекишүү» Мен Жоомарттын чоң атасы Мааламбердини да, өз атасы Асаналыны да көрүп калдым. Бул өткөн 80-жылдардын экинчи жарымы эле. Мааламберди карыя тээ отузунчу, контурдун каардуу жылдарында «тройка» тарабынан атууга өкүм кылынып, анан кош солдаттын айдоосунда баратып, ажалдын ач оозунан амал менен качып кутулуптур. Ал мындайча болуптур. Ээндетип барып атмакчы болушкан сары ооз балапан солдаттарга кайрылып, муңайым айтыптыр: — Эми балдар силерде не жазык, ишиңерди так аткаргыла. Мен да өлүм алдында бир ишимди аткарып […]