Мезгил ИСАТОВ: Ак жазуу

ЭССЕ Гүлдөр жабыларда Кучактап бүт ааламды Бешиктей терметеби жылдыздарды?.. Он алтынчы октябрдын жазуучусу. Ак түн. Ак жазуу. Бирок көп нерселер жазылбай калат. Көңүлдүн жылдыздары гана жымыңдап турат. Калганы ак барак. Болгону буулуккан аба бар жанымда. Бир аз да жамгыр себеленгиси келет. Сүйлөгүсү эле келген мен сыяктуу… Көңүлүмдү бөксө нерселер толтуруп турат. Жамгыр болсо шатырап төгө баштады. Мен дагы эле сүйлөй берем. Айта берем, айта берем… Сага арналган сөздөрүм түгөнбөйт. Сен укмаксан болуп жатып алдың. Экөөбүз тең муздак шамал ичинде калдык. […]

Мезгил Исатов: Бойдок бөлмөдө

ЭССЕ Бойдок күндөрүмдүн акыркы түнү. Бир аз башка, өзгөчө  болушу керек. Жарыктыктын ордуна эски бир шамды жактым. Жалтак жалындардын жалтак сезимдерге жолугушкан жери… Мен жана мен бармын. Түстүү жалындардын үчүнчү жүзү. Экөөбүз сыяктуу эки жүздүү жана бүтүн. Мен батпаган дүйнө бар ичимде. Жүрөгүм ичинен илинүү. Менсиз кет. Менсиз кетпейм. Ызы-чуунун ичинде отурсам. Үн көрүнөт көзүмө үнү бүткөн. Ошондо караштарым көздөрүмдү жаратты. Дагы ойлуу, жашынчаак. Бул эмнеси? Жалгыз гана түштөрүмдү даярдап жатпадым беле бир түнчөлүк. Эми болсо жүрөгүмдүн жалгыз калган жеринде […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Таш

ЭССЕ Үстүнөн өтүп баратып алдындагы аккан сууну дайыма эңкейип карап коём. Суу экөөбүздө кандайдыр бир жакындык бар, “окшошпуз”. Мелмилдейбиз, шарылдайбыз, ылайланабыз, тунабыз… Араба-машиналардын дөңгөлөктөрүнө, эки-төрт буттуулардын тамандарына тебелетпей алдындагы “мага окшош сууну” калкалаган көпүрө. Бу өйүз менен тиги өйүздү эле бириктирбестен, мурунку дүйнө менен азыркы дүйнөнүн ортосун да байланыштыргансыган көрүнүшкө ээ. Эзелкидей эскирген. Куруп-салып кеткен аталарыбыздын маңдай терин урмат кылгандар чыккандыр, өз замандарында. Ал эми, астын “бели” менен аярлап, үстүнө “боорун” тоскон, эзелки көпүрөнүн эмгегин баалап, үнсүз даңктагансып, жанында кара […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Көздөр. Көздөр! Көздөр?

ЭССЕ (Ой-толгоолор циклинен) Муңдуу көз Кыш мезгили. Он алты жашта болсом керек. Апам мектепте жүргөндө апамды издеп, бир аял үйгө келди. Ысымын, эмне үчүн келгенин айтпай эле кайра кетип калды. Кечинде апам келгенде бир аял издеп келгенин айттым. Ким келгенин билиш үчүн бою-башынан, салынган жоолугунан, кийген чапанынан, чачынан бери такып сурады. Алары эсимде калбаптыр, мукактанып айтып бере алган жокмун. — Көздөрү муңдуу аял экен… — деп аягында кыска гана жооп бердим. Апам “көздөрү муңдуу” таанышын эч эстей албай койду… Үйлөрдүн […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Гүл

ЭССЕ Кеч күздө, бойлору мени менен тең ак, көк, кызыл, сары болуп топтолуп өскөн гүлдөрүм бажырайып ачылып алышкан. Жыпар жытын аңкытышып жазда эле ачылышса болбойт беле? Антишпейт. Жыл сайын күз айы аяктап баратканда гана жер-ай-ааламга сулуулугун чачырата тартуулашат. Эми минтип, эрте жааган кар алдында калышты. Таажылары үшүй баштады. Айланчыктап жандарынан чыкпайм. Акыры аларды сууктан сактап калуунун бир жолун таап алдым: этеги жер чийген узун, көйкөлгөн көк плащымды сыртка алып чыгып, топтошкон гүлдөрүмдү чогултуп туруп плащымды “кийгизип”, топчуларын төйнөп койдум. Мурда […]