Темирбек АЛЫМБЕКОВ: Ажалга «келсең — кеттик!” деген Алыке (устатты эскерүү)

Алыкени жакындан “Алас” гезитинде бирге иштешип калгандан бери жакшы билип калдым. Ал бир көңүлү түшүп калган адамга жакшы пейлинен жазчу эмес. Ошондон уламбы, көзү өткөнчө Алыке менен ага-инидей мамилебиз үзүлгөн жок. Кийин башка гезиттерде иштеп кетсем да, атайы издеп барып же телефон чалып жай сурашып калышар элек. “Атаңдын көрү дүнүйө” аталган туңгуч китебиме баш сөзүн жазып, батасын бергендердин бири да Алыкем эле. Алым ага редакциянын көркү болчу. Баары Алыкенин көрүнбөгөн казыгына байланып, айланып тургандай сезилчү. Алыкенин көркү анын аналитикалык макалаларында, […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Элчибек

ЭСКИ ДОСТОР Үй-бүлөмдү Чаектеги кайын-журтума таштап, квартира таап алган соң көчүрүп келмекчи болуп, бой иштеп жүргөндүктөн кечкисин Төкөлдөштөгү досум Нуралыныкына барып жатам. Бир жумадан кийин Нуралынын көмөгү менен ошол эле жердеги экөөбүз бири-бирибизди жакшы тааныган, журналистиканы менден бир курс кийин окуп бүткөн Кубандыкына «көчүп» алдым. Кубан бойдок, мен бой. Экөөбүз «эки бакыр-бир тукур» болуп жарашып калдык. Кубанды «журналист, жазат» деп жүрсөм, журналистикага караганда кара күүгө, калем кармаганга караганда Карамолдого жакын жан болуп чыкты. Көрсө, искусство институтун төртүнчү курстан таштап кетиптир. […]

Рамис РЫСКУЛОВ: Сулуу аял эмес, сулуу ойнош – генийдин үлүшү

Кишиден жогору адам Кишиден жогору адам болорун немис элинин улуу философу Фридрих Ницше айтканына көп мезгил болду. Ницше элди абдан эзүү керек деген, ошондо кишиден жогору адам пайда болот деген. Эл эзилбеген доор аз болгону маалым. Фашисттер менен согуш жылдары совет эли кандай жапа көрбөдү? Ошондой кыйын мезгилде менин жети жашымда апам өлсө, тогуз жашымда өгөй энеме мени таштап, атам Армияга жөнөдү. Согуштан кайтып келбеди. Мен атам барда сабакты жакшы окучу эмесмин. Тырышып кийин жакшы окудум. Чоң ата, чоң энемдин […]