Мезгил ИСАТОВ: Чоң энемдин оюнчугу

ЭТЮД Бир колу күйсө, Бир колу жетпейт, Күнөөсүз күнөө… Бул көл толкуйт. Көкүрөгүнө кабат-кабат топтолгон белгисиз кайгысы толуп-ташып, жээкке майдаланып барып урунат. Чачырап сынган бермет тамчылар ирмемде көрүнөөр-көрүнбөс көздөрдөн чуркап өтүп жашынып калышат. Мындай сансыз кайталаныш жүрөк тереңдигиндеги бир ички кайрык сыяктуу улам чачылып, улам жыйналат. Сезимдерди арбаган бул толкундануу жээкке урунуу. Умтулуу менен чегинүү. Түгөнүү менен башталбайт жоктук. Жамал аны билет. Ошондуктан үмүттөрүнөн жылдыз токуп олтурат. Мындай айлуу кечтеги өзүнө жолугуу көл жээгинде гана бир башкача. Жээктей жылаңайлак басып […]