Еврей эл жомогу: Куймактар

Хелем шаарында кары меламед[1] жашаптыр. Анын аялы байпак түйүп сатуу менен алектенчү экен. Бир жолу карт меламед аялына мындай дептир: – Мен бул дүйнөдө ашык-кеми жок жетимиш жыл жашадым. Ушул өмүрүмдө мен бир да жолу шевуот[2] майрамында анын эң бир сый тамагынын ичине быштак салынып, майга бышырылган куймагын жеген жокмун. Муну уккан аялы да улутуна берип жооп берди: – Мен дагы ал тамакты жеп көргөн эмесмин. Меламед өзүнүн узун сакалын сылай берип айтар оюн улантты: – Байбиче, мен мындай кылсак […]