Фарсы эл жомогу: Тил кылычтан жаман жаралайт

Илгери бир отунчу болуптур. Токойдун четиндеги жаман там үйдө аялы экөө жашаган экен. Күнүгө балтасын көтөрүп алып токойго отун кыйганы жөнөйт. Бир күнү токойдон ырылдаган, онтогон үндү угуп калды. Эмне болду деп барып караса, буту шишип баса албай калган чоӊ арстанды көрдү. Отунчу кайраттанып, ага жакын басып барды. Анда арстан кишиче сүйлөп жиберди: — Адамдын баласы, мени угуп турчу, таманыма тикенек кирип ириӊдеп, бастырбай калды. Жакшылык кылып тикенекти сууруп салчы! Ал эӊкейип тикенекти сууруп, таманын тазалап берди. Ошондон кийин экөө […]

Фарсы эл жомогу: Чоң кумурска менен кичинекей кумурска

Бир күнү чоӊ кумурска кичине кумурскага  келип айтат экен: — Мени укчу, карызга бираз ун берип турасыӊбы? Эгин бышаары менен кайтарып берейин. Кичинекей кумурска жооп берди. — Мейли, берсе берейин, жүр мени менен, азырынча кудайга шүгүр, ун бар го. Ошентип экөө жөнөп калды. Чоӊ кумурска алдыда, кичинекейи артында. Бир убакта караса чоӊ кумурска алдыга бир топ алыстап кетиптир. Анда кичинекейи үн салат дейт: — Эй, досум, унду бере элек жатып сага жете албай баратам, карыз алгандан кийин кандай болот деп […]

Фарсы эл жомогу: Түлкү өзүн өзү алдаганы

Мындай окуя болду. Бир дыйкан жашаптыр, анын жакшы бакчасы бар экен. Эмгектенип, сонун түшүм өстүрдү. Бирок балээ болуп, жок жерден башына кайгы түштү. Түн кирсе болду, бир түлкү бакчага келет, бышкан коон-дарбыздарды кемирет, быша электерин жарып, а түгүл түбү менен жулуп да салат. Дыйкан түлкүнү кармайм деп эмне гана кылбады, бирок куу түлкү карматпады. Ороо казып коюп, үстүн бутак, чөп-чар менен жаап коюп түшүрө албады,  камырга уу салып койсо ага да тийген жок, жыттап көрүп жемек тургай айланып өттү. Такыр […]

Фарсы эл жомогу: Карышкыр менен кой

Карышкыр менен кой дос болду. Дегеле биринен бири ажырашпайт. Кой эч камырабай оттоп жүрө берет, жанында камкор досу бар. Эч санаасы жок, жай өткөнчө абдан семирди. Аны көргөн досунун көӊүлү бузула баштады, көрсө эле көзү жайнап, тиши кычышат. Басса-турса ою – койдо. Кантип аны жесем дейт, кандай шылтоо табыш керек деп эртели-кеч башын оорутат. Жалаӊ ошого сары санаа болуп жүрүп арыктап да кетти. Бир күнү койго айтат: — Досум, бул жерде сен жегенге жакшы чөп калбай баратат. Башка жакшыраак жерге […]