Феликс Кривин: Чындыктын тамчылары (I)

(Эң кыска жомоктор) Тентек жөжө Жөжө чыга элек жатып, сөгүш алганга жетишти. Аны жумурканы чактың деп күнөөлөштү. Оо кудай, мындай адат ага кайдан келди экен? Балким, тукум кууп жүрбөсүн… Жоопкерчилик «Биз окуткан адамдарыбыз үчүн дайыма жоопкерчиликтүүбүз», — деди карышкырды багып өстүргөн кой. Бул анын акыркы сөздөрү болчу… Кесип тандоо Айлана тыптынч. Караңгы түн. Караңгыда терезенин сыртынан саргайган жылдыздар жымыңдайт.  Жымжырттыкты сырттан чыккан билинер билинбес шыбырт бузуп жатты. Чычкандын кичинекей баласы: «Чоңойгондо сөзсүз мышык болом…» — деп ойлонуп жатты. Ишенимдин күчү […]