Феликс Кривиндин классикалык чакан аңгемелери

Баткак Баткак аябай сезимтал эле, ага кимдер тийип кетпесин анын жүрөгүндө терең из калчу. — Ах, өтүк! – деп капа болчу ал. – Ал кайда кетти? Мен ансыз жашай албайм! Бирок ал жашай берчү. Бир мүнөт өтпөй эле: — Ах, туяк! Сүйкүмдүү, ак көңүл аттын туягы! Мен сенин элесиңди өмүр бою сактайм… Мода сүйүүчүлөр Чымындар – моданы аябай кубалашат. Алар ар түрдүү оймо-чиймелүү желелерди көрсө эле болду, алыс кете алышпай, кызыга карашып, кармалап көрүшүп, ак көңүл курсактуу Жөргөмүштөн сурашат: — […]

Феликс Кривиндин классикалык чакан аңгемелери

Көз айнек эмнеге керек? — Эмне үчүн көз айнек кийбейсиз? – сурашты Кумурскадан. — Кандай десем… – деди ал. – Мен күндү, асманды көрүп турушум керек, кайда бара турганы белгисиз мына бул жолду көрүшүм керек. Досторумдун күлкүлөрүн көрүшүм керек… Ал эми майда-чүйдө нерселер мени кызыктырбайт. Сүрөт Сүрөт жаратылышка баа берет дейт: — Бардыгы жакшы дечи —  фону жана түстөрдүн айкалыштары. Бирок кандайдыр бир рамка деген болуш керек да! Чыгармачыл ыкма Гүлдөрдүн талашы — кереметтүү кооздук жөнүндө болду. Сөздү Тикенек алды: […]