Гүлзада СТАНАЛИЕВА: Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинде  пейзаждын аткарган функциясы

Көркөм чыгармадагы пейзаж, анын  чыгармадагы орду, образдарды ачып берүүдө, чыгарманын идеялык концепциясын иштеп чыгууда анын көтөргөн жүгү тууралуу адабиятчы М.Борбугулов өзүнүн “Адабият теориясы” деген окуу китебинде мындай түшүндүрмө берет: “Ар кандай көркөм чыгармада сүрөттөлгөн табияттын көрүнүштөрү пейзаж (франк. – өлкө, чөлкөм) деп аталат; ал жазуучунун стилине жана чыгармачылык усулуна жараша ар кандай милдет аткарат. Табият сүрөттөрү чыгарманын идеялык-эстетикалык мазмунун ачууга кызмат кылат, ал чыгармада сүрөттөлүп жаткан окуяга, каармандын ички дүйнөсүнө, маанайына, жалпы атмосферага шайкеш келип, контраст түзүшү мүмкүн.” (Борбугулов: 1996, […]

Мигранттардын ырларында “жол” концепти: Гургубаеванын “алыстагы ак жарык” ыр жыйнагынын мисалында

 АННОТАЦИЯ Кыргызстан эгемендик алган 1990-жылдардан баштап чет өлкөлөргө иш издеп чыгып кеткен мигранттардын саны жыл санап көбөйүп келет. Кыргыз мигранттары учурда Россияда, Казакстанда, Түркияда, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө иштешет. Бирок мигранттардын негизги агымы Россия мамлекетине туура келет. Россияда жашап иштеген мигранттардын арасында ыр, кара сөз түрүндөгү чыгармаларды жазып, жарыялагандары аз эмес. Айрымдарынын аттары Кыргызстанга таанымал болуп, чыгармачылыктын үстүндө үзүрлүү иштеп келатканын да көрүүгө болот. Алардын чыгармаларында негизинен мигранттардын тагдыр-турмушу, көргөн кыйынчылыктары, тагдыр тарткысы, көздөн учкан ата журттун кадыры, өмүрдүн […]

1916-жылдагы тарыхый окуяга жаңыча көз караш: «Мисмилдирик» романы

1916-жылдагы тарыхый окуя кыргыз адабиятында тереңдетиле иштелген темалардын бири десек жаңылбайбыз. Айрыкча, прозада аталган тема ар тараптуу көркөм иликтөөгө алынып, тарыхый процесстин ар бир этабында түрдүү аспекттен көркөм чечмеленип келгендиги кызыгуу туудурат. Кыргыз адабиятынын жаралуу жана калыптануу мезгилинде, т.а. 20-40-жылдардагы көркөм чыгармаларда аталган тарыхый окуя жеке адам тагдырын сүрөттөө аркылуу чагылдырылган болсо, адабиятыбыздын күрдөөлдүү өнүгүүсүнө туура келген 70-90-жылдар аралыгында жазылган чыгармаларда тарыхый окуянын социалдык, нравалык-философиялык жактан көркөм чечмеленип берилгенин көрөбүз. Аталган окуяга кайрылган тарыхый чыгармалар эгемендик мезгилинде гана жазылды. Алсак, […]